Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Сирияда "ички оппозиция" тынчтыкка чакырат


"Сирияны сактоо" улуттук конференциясынын негизги уюштуруучулары, 23-сентябрь, 2012
"Сирияны сактоо" улуттук конференциясынын негизги уюштуруучулары, 23-сентябрь, 2012

Жекшембиде Дамаскиде Сириядагы оппозициялык топтордун сейрек жыйындарынын бири өттү. Анын катышуучулары былтыр марттан бери атышып жаткан өкмөт менен куралчан козголоңчуларды тезинен кан төгүүнү токтотууга чакырышты.

Жыйынды Сирияда оппозициялык деп эсептелген 16 кыймылды бириктирип турган уюм өткөрдү. Ал жумурияттагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн улуттук координациялык уюм деп аталат. Жолугушууга ирандык, кытайлык жана орусиялык дипломаттар да катышты.

Уюштуруучулардын бири Ражаа ал-Нассер “Азаттыкка” айтканына караганда, алар өлкөнүн ичиндеги оппозициянын үнүн уктуруш үчүн ушул жыйынды өткөрүп жатышат.

"Сириянын өзүндө катуу иштеп жаткан, режим менен эч байланышы жок, азыркы кризистен кантип чыгууну билген оппозициялык топтор бар. Мына ошолордун үнүн угуш керек", - деди Нассер.

Жыйынтыгында Улуттук өнүгүү партиясынын мүчөсү Халил ал-Саид конференциянын акыркы билдирүүсүн окуду.

"Биз өкмөттүк күчтөрдү жана куралчан оппозицияны тезинен атышууну токтотууга, буга араб өлкөлөрү менен дүйнөлүк коомчулукту көзөмөл кылууга чакырабыз. Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахимини Сирия боюнча эл аралык конференция өткөрүп, анда бардык тараптарга бирдей укук берүүгө үндөйбүз, - деди ал-Саид. - Бул конференциянын максаты – Сириянын демократиялык жолдо өнүгүшү үчүн бийлик алмашуу аракетин баштоонун эң мыкты саясий ыңгайын табуу".

Конференцияга келгендер өлкөдө бийлик алмашышын каалашат, бирок бул процесске сырткы күчтөр, мамлекеттер кийлигишпеши керек деп эсептешет.

Сирия улуттук кеңешинин сүргүндө жүргөн өкүлү Аусама Монажед Сириядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн улуттук координациялык уюмду “бийликтин пропаганда аракеттерине колдонулуп калганга макул болду” деп айыптады.

Орусиянын Дамаскидеги элчиси Азмат Алла Колмахмедов тетирисинче, конференцияны мактап, “Бул Сирия режими баштаган реформалардын жакшы ишке киргизилип жатканынын бир мисалы” деп билдирди.

Ал арада президент Башар ал-Асаддын мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктеринин бири азыр Сирия режимине Иран кеңири жардам бере баштаганын айтып жатат.

Өткөн айда оппозицияга өтүп кеткен мурдагы премьер-министр Риаб Хижаб Германиядагы абройлуу гезиттердин бирине сүйлөп жатып: “Ирандыктар азыр аскерий колдоо көрсөтүү жаатында биринчи орунда турушат”, - деп билдирди.

Иранда Революциянын Сакчылар корпусунун командири болсо ушул айдын башында Сириядагы режимге курал-жарак эмес, насаат, машыктыруу жаатында жардам берип жатышканын айткан эле.

Жекшембиде өлкөдөгү оппозициянын жыйыны өткөн имараттын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ошентсе да ага жакын жерде бир жардыруу болуп, эки адам жеңил жараат алган.

Расмий Дамаск оппозициянын конференциясына тоскоолдук кылбаганын азыр аналитиктер “чындап диалогго көңүлү бар экенин көргөзүү аракети” деп сыпатташууда.

Ал арада өлкөдө өкмөттүк күчтөр менен куралчан оппозициянын атышуулары 18 айдан бери уланып жатат. Соңку апталарда өкмөттүк аскерлер козголоңчуларга каршы аракетин бир топ күчөтүштү. Активисттердин ишениминде, былтыр мартта атышуулар башталгандан бери өлкөдө 30 миң адам өлдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG