Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Сирияда тогуз ливандык барымтадан бошотулду


Ливан - Сириядагы барымтадан бошотулган тогуз жаранды жакындары тосуп алууда. Бейрут, 19-октябрь, 2013.
Ливан - Сириядагы барымтадан бошотулган тогуз жаранды жакындары тосуп алууда. Бейрут, 19-октябрь, 2013.

Сириялык козголоңчулар кармап турган ливандык тогуз шийи бошотулар замат Бейрутка учуп келишти. Бул тогуз жаран Ливанда август айында барымтага түшкөн эки түрк учкучтун ордуна бошотулду.

Катарлык арачылардын жардамы менен жетишилген келишимге ылайык, Сирияда тогуз ливандык бошотулаардын алдында, Ливанда эки түрк пилоту да эркиндикке чыгышты. Макулдашуу боюнча, Сириянын өкмөтү ондогон туткундарды да коё бериши керек эле. Бул шарттын аткарылганы азырынча маалым эмес.

Ливанда мамлекеттик маалымат каражаттары тогуз ливандык 2012-жылдын майында Сирия аркылуу Иранга зыяратка баратканда уурдалгандыгын жазып жатышат. Сирияда козголоңчулар аларды президент Башар ал-Асадды колдогон "Хезболланын" шийи куралчандары деп айыпташкан.

Шийилер бийликте турган Иран менен катар "Хезболла" уюшмасы Асаддын козголоңуларга каршы күрөшүн колдоп келишет. Сириянын президенти шийи исламындагы алави сектасынан. Ал эми козголоңчуларды көбүнесе бийлик чөйрөсүндө суни мусулмандары болгон Түркия менен Сауд Аравия сүрөөнгө алып келе жатышат.

Аналитиктердин айтымында, туткундар менен алмашуу эки жарым жыл мурда тутанган Сирия жаңжалы ачыктан ачык секталар аралык конфликтке айланганын, жана ага коңшу өлкөлөр улам көбүрөөк тартылып баратканын көрсөтүүдө.

Сирияда 17 айдан кийин бошотулган тогуз шийини өкмөт өкүлдөрү, молдолор, жүздөгөн сүрөөнчүлөрү тосуп алышты.

Келгендердин ал-абалы түзүк эле көрүндү. Алардын бири "Кудайга шүгүр, өлкөбүзгө аман-эсен, жеңиш менен кайттык, бардык трагедияга жана кыйынчылыктарга карабастан, ата-эне, жакындарыбыз менен учурашып жатабыз", - деди.

Стамбулда түрк пилоттору Мурат Акпинар менен Мурат Агчаны ишембиде өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган аэропорттон тосуп алган эле. Акпинар кабарчыларга барымтада эч кандай зомбулукка кабылбагандыгын бышыкташты.

Ал эми тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу түрк учкучтарынын бошотулушу НАТОго мүчө болгон Түркиянын «аймакта маанилүү орду бар экендигин көрсөттү» деп айтты.

XS
SM
MD
LG