Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

БУУ: Сирияда байкоочулардын санын көбөйтүш керек


Оппозиция муну "өкмөттүк аскерлер Хомсто аткылаган райондордун бири" деп сүрөттөдү, 10-апрель, 2012
Оппозиция муну "өкмөттүк аскерлер Хомсто аткылаган райондордун бири" деп сүрөттөдү, 10-апрель, 2012

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирияда тынчтыкты орнотуу аракеттери канчалык ишке ашырылып жатканына байкоо сала турган топтун катары дагы кеңейтилиши мүмкүн экенин айтты.

Шейшембиде Люксембургда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Пан Ги Мун Сирияда тынчтыкка жетишүү аракетине көз салууга башта айтылган байкоочулардын саны жетишпей калышы мүмкүн деди.

"Бириккен улуттар уюмунан Сирияга 250 байкоочу жөнөтүлөөрү жетиштүү болобу деген суроо баары бир коюлат, - деди баш катчы. - Азыркы кырдаалды жана мамлекеттин алкагын эске алганда, менимче, бул жетишсиз".

Ал арада Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бээжинде жүрөт. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылгандай, сүйлөшүүлөрдө Муаллем: “Тынчтыкка жетишиш боюнча Кофи Аннан сунуш кылган планды Сирия урматтайт жана аны аткарат”, - деп билдирген.

Мунун алдынан АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон расмий Дамаск бул планда айтылган алты талапты эле аткарып койбостон, тынч демонстрацияларга уруксат бериши керектигин, саясий себептер менен түрмөгө отургузулгандарды бошотуп, бийликти өткөрүп берүүгө карай кадамдарды жасашы зарылдыгын айтты.

Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Уиллиам Хейг “Сириянын күчтөрү атышууларды токтотуу талабын көңүл кош аткарып жатышканын, болгондо да ал талаптын баарын алигече аткара электигин” айтты.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе болсо расмий Дамаскиге каршы киргизилген санкциялар реалдуу иштей баштаганын, “Сириянын мунайдан түшкөн киреше булактары кургап, өлкөнүн чет элдик валюта резервдеринин жарымы кыскарганын" билдирди.

Тынчтык планы 12-апрелде күчүнө киргени менен, азырга чейин атышуулар токтобой жатат. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сириянын байкоочулар уюму кабарлагандай, өкмөттүк аскерлер Хомс шаарынын төрт башка районун аткылашкан. Кабарды көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Өкмөт болсо Алеппо жана Дараа шаарларында оппозиция беш аскерди атып өлтүргөнүн билдирди. Расмий кабарларда оппозиция менен атышуу Идлибде да болгону айтылат.

Шейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Хомстогу байкоочулары снайперлердин огунан алты адам мүрт кеткенин, жалпысынан бул күнү өлкө боюнча 20 адам жан таслим болгонун кабарлашты.

Сирияда өкмөткө жана президент Башар ал-Асадга каршы толкундоолор былтыр мартта башталган. Ошондон бери Бириккен улуттар уюму өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын атышууларында 9000ден ашуун адам өлгөнүн билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG