Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Сирияда оппозиция тааныбаган шайлоо өтүүдө


Шайлоодон бир көрүнүш
Шайлоодон бир көрүнүш

Бүгүн Сирияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Оппозиция бойкоттогон өнөктүктө 250 депутаттык мандат үчүн 3,5 миңдей талапкер ат салышууда. Ал тапта Женевада Сирияда тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды.

13-апрелде президент Башар Асад өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда 7 300 добушкана ачылды. Борбор калаа Дамаскта Идлиб, Алеппо же Дараа өңдүү шаарлардан жер которгон эл үчүн кошумча участоктор иштеп жатат. Көчөлөрдө талапкерлердин сүрөттөрү илинип, бийлик добуш берүүгө катышууга үгүттөп келди.

Бирок согушка чейинки жылдардан айырмаланып, бул ирет шайлоочулар талапкерлерди ошол плакаттардан эле билишет. Коопсуздук себептеринен улам депутаттыкка үмүткөрлөр программаларын сунуш кылып же эл менен жолугушууларды өткөргөн жок.

Добуш берип жатып, президент Башар Асад эл көп катышып жатканын белгиледи:

- Коомдун кеңири катмарларынын өкүлдөрү шайлоого катышып жатат. Талапкерлердин катары да ар түрдүү. Буга чейинки шайлоолорго караганда, бүгүн талапкерлердин саны көбүрөөк. Алардын арасында террорчулуктун айынан балдарын жоготкон, жаңжалда жакындарынан айрылган, жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү бар.

Шайлоо жөнүндөгү жарлыкка президент быйыл февралда кол койгон. Буга чейинки парламенттик шайлоо 2012-жылы, жаңы Конституция кабыл алынгандан көп узабай өткөрүлгөн. Оппозиция ал жолу да добуш берүүгө катышкан эмес.

Президенттин каршылаштары шайлоону легитимсиз жана чагымчыл деп баалашууда. АКШ Мамлекеттик департаменти добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбасын күн мурунтан эскертти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо азыркы шайлоо бийлик боштугун алдын алуу үчүн өткөрүлүп жатканын белгиледи:

- Бул саясий процесс жаңы Конституциянын түзүлүшүнө алып келиши керектиги түшүнүктүү. Анын негизинде жаңы мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Андай болгончо укуктук жана аткаруу бийлиги чөйрөсүндөгү вакуумга жеткирбеш керек. Бүгүнкү шайлоо дал ушул ролду аткарат жана биз аны дал ушундай кабыл алабыз.

Өнөктүк февраль айында Москва жана Вашингтондун арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо макулдашуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуулардын фонунда өтүп жатат.

Акыркы бир нече жумада кырдаал өзгөчө өлкөнүн экинчи ири шаары – Алеппонун айланасында курчуду. Анын бир бөлүгү козголоңчулардын колуна өткөн.

Өткөн жекшембиде Сириянын премьер-министри Москвадагы сапары учурунда армия орусиялык аба күчтөр менен биргелешип шаарды кайтаруу операциясына даярданып жатканын айткан эле. Бирок шейшембиде Орусиянын Башкы штабынын расмий өкүлү ал чөлкөмгө "Ал-Нусранын" согушкерлери топтолуп жатат деген маалыматтарга карабай, шаарга чабуул коюу планы азырынча жок деп билдирди.

АКШ 11-апрелде зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө “өтө тынчсызданганын” айтып, ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу үчүн өкмөттүк армия жооптуу деп ырастады.

Ок атышпоо макулдашуусуна "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра фронту" өңдүү радикал топтор камтылган эмес.

Ал тапта Женевада 250 миңден көп кишинин өмүрүн кыйган жана мурда болуп көрбөгөндөй миграция кризисин жараткан согушка чекит коюп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура бул сүйлөшүүлөргө чоң үмүт артылганын белгиледи:

- Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы чечүүчү мааниге ээ. Анткени биз бул жолу саясий өткөөл учур, конституциялык принциптер жөнүндө сүйлөшөбүз. Биз аларды конструктивдүү жана тагыраак чечип алууну болжоодобуз.

XS
SM
MD
LG