Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Cириядан палестиндер да качууга аргасыз болду


Сирия армиясынын танктары менен аскерлери Латакияга кирүүдө. Сүрөт видеотасмадан алынды.
Сирия армиясынын танктары менен аскерлери Латакияга кирүүдө. Сүрөт видеотасмадан алынды.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү аткылоону улантып жаткан Латакия шаарынан палестиналык качкындардын 5 миңдейи кетүүгө аргасыз болду. Сирия бийликтери президент Башар Ассаддын режимине каршы көтөрүлгөндөрдү кан төгүү жолу менен басууну эл аралык айыптоолорго карабай күчөттү.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн порттук Латакия шаарына сокку уруусу ал жерде 13-августта болгон массалык демонстрациядан кийин башталган. Андан бери шаарда атышуулардын үнү угулууда.

Укук коргоочу активисттердин айтымында, Латакияда өткөн ишембиде аскерий операция башталгандан бери 30тай адамдын өмүрү кыйылды. Алардын кеминде төртөө качкындар. Каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү да 15-августта демонстрациялар менен коштолгон.

Ал эми палестиналык миңдеген качкындар Латакиядагы лагерден кетүүгө аргасыз болгонун Бириккен Улуттар уюмунун аларга жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги билдирүүдө. Аталган эл аралык мекеменин өкүлү Кристофер Ганнес мындай дейт:

Латакиядагы демонстрациядан бир көрүнүш.
- Биз Латакиядагы кырдаалга абдан тынчсызданып жатабыз. Ал жерди качкындар лагеринин жарымы, беш миңден он миңге чейин адам таштап кетти. Алар кемелерден, кургактан аткыланган шартта кетүүгө аргасыз болушту.

Биз Сирия өкмөтүнөн гуманитардык программабызды улантып, сыркоолор жана кары адамдар менен чукул байланышышыбыз керектигин айтып жатабыз.

Дүйнөнүн көз көрүп, кулагы угуп жатат. Дипломатиялык жана саясий кысым жасалууда. Менимче моралдык кысым да болушу керек. Качкындар лагерине кол салуу токтошу зарыл.


Латакиядагы чабуул да кайрадан эл аралык коомчулуктун айыптоосун, анын ичинде Сириянын араб коңшуларынын нааразылыгын жаратты. Сириянын коңшусу жана мурдагы жакынкы өнөктөшү Түркия расмий Дамаскты демонстранттарга каршы аскерий операцияларды дароо токтотууга чакырып, болбосо мунун кесепеттерине кабыларын эскертти.

Өткөн аптада эле Дамаскка барып келген түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглынын айтымында, эгер бул операциялар дароо токтобосо, чара көрүүдөн башка арга калбайт:

- Дейр эл-Зор менен Латакияда кечээ жана бүгүн орун алган окуялар актоого татыбайт. Болуп өткөндөрдү Сириянын ички иши катары кароо мүмкүн эмес.

Бүгүн биз Сириянын режимин дагы бир жолу чакырабыз: жарандарга каршы ири шаарларда күч алган операция дароо жана эч шартсыз токтоосу абзел.

Сириянын аскерлери шаарлардан чыгарылып, жашоо кадимки нугуна түшүүсү абзел. Эгер операциялар токтобосо, көрүлүүчү чаралардан башка айта турган сөз калбайт. Биз бул операциялардын бүтүшүн күтөбүз жана талап кылабыз.


Бирок эл аралык коомчулуктан айтылган сындарга жана айыптоолорго карабай президент Башар ал-Ассадга жан тарткан күчтөр режимге каршы көтөрүлгөндөрдү өлкө боюнча кан төгүү жолу менен басуу аракетин улантууда.

Германиянын ДПА жаңылыкттар агенттигинин кабарына караганда, коопсуздук күчтөрү Сирия-Ливан чек арасындагы Симакейе деген аймакка да чабуул жасаган.

Эл аралык "Мунапыс" уюмунун эсебинде, марттын ортосунда элдик толкундоо башталгандан бери Сирияда 1700дөй кишинин өмүрү кыйылган. Укук коргоочулар ошондой эле 12 миңдей киши камакка алынганын да билдиришүүдө.

Расмий Дамасктын ырастоосунда, зордук-зомбулуктар учурунда өкмөттүк күчтөрдүн 500дөй өкүлү да мерт болгон. Сирия бийликтери чет элдик маалымат каражаттарынын көбүнүн өлкөдө иштөөсүнө тыюу салгандыктан жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарды киргизбегендиктен жогорудагы маалыматтарды башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG