Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Сирия аскерлери нааразылык очокторун аткылоону жандантты


Өткөн аптада Хомс шаарынын чет жакасындагы райондорго танктар киргизилген.
Өткөн аптада Хомс шаарынын чет жакасындагы райондорго танктар киргизилген.
Өкмөттүк күчтөрдүн жаңы аскерий операциялары тууралуу маалымат Сириянын бийлиги Араб лигасынын өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү жөнүндөгү планын четке каккандан кийин түшүүдө.

Активисттердин айтымында, Сириянын армиясы козголоңчулардын таянычы болгон Хомс шаарын жана Растан шаарчасын аткылоону жандандырган. Мындан сырткары өкмөттүк күчтөр борбор Дамасктан түштүк тараптагы аймактарга чабуул жасаган.

Мунун алдында Сириянын өкмөтү Араб лигасынын оппозиция менен байланыш түзүү жана Улуттар уюмунан 11 айга аяк баскан жаңжалды токтотууга жардам берүүчү бейпилдик күчтөрдү куроону сурануу планын толугу менен четке кагарын билдирген эле.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москва бейпилдик күчтөрү жайгашуусу үчүн ок атышуу токтогунун эске салгандай жагдай жаралуусу зарыл деген пикирде. (UE)

XS
SM
MD
LG