Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Дүйнө назары кайрадан Сирияда


Хаманын эки кыштагында набыт болгондордун тасмага түшүрүлгөн сүрөттөрү. 6-июнь, 2012-жыл.
Хаманын эки кыштагында набыт болгондордун тасмага түшүрүлгөн сүрөттөрү. 6-июнь, 2012-жыл.

Хама провинциясындагы соңку кан төгүүдөн кийин Сирия президенти Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөөлөр күчөдү. Оппозиция Хамадагы окуяны “кыргын” деп мүнөздөсө, өкмөт кылмышты “террорчулар” жасады деп эсептөөдө.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Сирия кризиси боюнча Хамадагы кан төгүүдөн кийинки атайын сессиясында сүйлөгөн учурунда баш катчы Пан Ги Мун уюмдун байкоочулары ал аймакка жетүүгө аракеттенип жатканына токтолуу менен Башар Асаддын режими легитимдүүлүгүн жоготконун белгиледи.

Ал жөн-жай сексендей кишинин өмүрү кыйылышын “сөз менен айтууга болбой турган мыкаачылык” деп мүнөздөдү жана Сирия бийликтерин БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын алты пункттан турган тынчтык планын тезинен аткарууга үндөдү:

- Сирия жана регион бурулуш учурдан кыйроочу учурга тез эле өтүп кете алат. Толук масштабдагы жарандык согуш коркунучу босогодо турат жана реалдуу. Андыктан мен президент Асадды алты пункттан турган тынчтык планын токтоосуз жана шартсыз аткарууга чакырам.

Аннан өзү Башкы ассамблеядагы сөзүндө тынчтык план кабыл алынып, БУУнун байкоочулары Сирияда жайгаштырылганына карабай, ал чын-чынында ишке ашпаганын ырастап, өлкөдө кыянатчылыктардын улануусу менен катар ажырым жана радикалдашуу күчөгөнүнө токтолду.

Кайчы маалымат

Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, Хама провинциясынын Кубаир жана Маарзаф кыштактарында 6-июнда өмүрү кыйылган 80дей кишинин 20дан ашууну балдар, дагы 20 чактысы аялдар.

Активисттердин айтымында, Кубаир кыштагы коопсуздук күчтөрүнүн танктардан аткылоосуна кабылган, бирок набыт болгондордун көпчүлүгү өкмөткө жан тарткан кошуундардагы куралчандардын жакын аралыктан атуусунун же бычактоосунун натыйжасында мерт болгон.

Сириянын мамлекеттик сыналгысы соңку кандуу окуя кандай болгонун такыр башкача чечмеледи. Өкмөттүн билдирүүсүндө Хамада “террордук топ кара санатай кылмышка” барганы, тогуз кишинин өмүрү кыйылганы айтылат. Ушундан кийин кыштак тургундары жардам сурап бийликтерге кайрылган, өкмөттүк күчтөр “террорчулардын очогуна” сокку урган.

Хамада эки тарап эки башка мүнөздөгөн кан төгүү тууралуу маалымат Хомс провинциясынын Хула шаарында 108 киши өлгөндөн эки аптага жетпеген убакыт ичинде түштү.

БУУнун эсебинде, Сирияда режимге каршы козголоң башталган он беш айдан бери кеминде 9 миңдей киши өмүрү менен кош айтышты.

АКШ: Асад кетиши керек

Бул аралыкта Кошмо Штаттар дүйнө лидерлерин президент Асад бийликтен чегинүүсү үчүн анын өкмөтүнө “каржылык кысымды” болушунча күчөтүүгө үндөдү.

АКШ каршы министри Тимоти Гайтнер “Сириянын достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн Вашингтондогу жыйынында белгилегендей, АКШ Араб лигасынын БУУнун уставынын ага мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө уруксат берген 7-бапын пайдалануу чакырыгын колдойт.

Ал эми мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 7-июнда Стамбулдан АКШнын Сирия президенти бийликтен кетүүсү керек деген талабын кайталады:

- Режим демөөрчүлүк кылган, биз Хамада кечээ кайра күбө болгон кыянатчылык – абийирсиздик. Президент Асад мыкаачылыгын жана эки жүздүүлүгүн күчөттү. Асад кетмейинче Сирия тынч, стабилдүү жана албетте демократиялуу болбой турганы анык.

Хиллари Клинтон кошумчалагандай, Батыш жана араб өлкөлөрү азыр Сириядагы кризисти жөндөө Башар Асад кызматтан чегинип, өлкөдөн кетүүсү жана утурумдук өкмөттүн куралуусуна жол ачылышы менен башталат деген орток пикирде.

ШКУ сырттан кийлигишүүгө каршы

Сириядагы кырдаал Шанхай кызматташтык уюмунун Бээжинде 7-июнда аяктаган саммитинде да сөз болду. Дамасктын өнөктөштөрү Кытай менен Орусия Сириянын ички иштерине тыштан кийлигишүүгө, ага катар режимди алмаштыруу саясатына караманча-каршы экендиктерин дагы бир жолу кайталашты.

Кытай тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин мындай дейт:

- Кытай менен Орусиянын Сирия маселеси боюнча туруму айдан-ачык. Мен Сириянын маселелерине кийлигишүүнүн кандай ыкмалары болбосун аны колдонгон мамлекеттерге чечкиндүү түрдө каршыбыз. Биз мурдагыдай эле Сириянын маселеси сириялыктардын өздөрү тарабынан чечилүүсү керек деп эсептейбиз.

Москва менен Бээжиндин бул турумун алардын Борбор Азиялык өнөктөштөрү да колдоду. Сириянын иштерине сырттан кийлигишүүгө каршылык ШКУнун Бээжиндеги саммитинин соңунда кабыл алынган декларацияда айтылат.

ШКУга мүчө өлөкөлөр, анын ичинде Кыргызстан Сириядагы кыянатчылыктарды айыптап, бирок бул өлкөдө тартипти калыбына келтирүүдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин ролун көрсөтүштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG