Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Сирия: Алеппону алуу аракети


Алеппонун тургуну
Алеппонун тургуну

Сириянын экинчи ири шаары - Алепподон 35 миңдей киши качып чыкты. БУУнун гуманитардык жардам боюнча мекемесинин маалыматына караганда, бул өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан улам болду. Президент Башар Асаддын аскерлерине абадан Орусиянын учактары колдоо көргөзүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги 20-октябрда билдиргендей, акыркы 24 саат ичинде Сирияда алардын учактары абага 55 ирет көтөрүлүп, “террорчулардын” 60 объектисине сокку урду.

Бутага согушкерлердин Латакия, Дамаск, Идлиб, Алеппо, Дейр –эз- Зор провинцияларындагы турумдары алынды. Мунун алдында дүйшөмбү күнү да орус учактары абага 33 ирет көтөрүлүп, 49 объектиге сокку урганы кабарланган.

Орус учактарынын аба соккулары кургактан өкмөттүк күчтөрдүн чабуулдары менен коштолууда.

Рейтер агенттиги өз булактарына шилтеме берип жазгандай, өлкөнүн батыш жана түндүк-батышында козголоңчуларга каршы чабуулдарда Сирия аскерлерине Ливандагы “Хезболла” тобунун согушкерлери да колдоо көргөзүп жатат.

Орусиянын Сириядагы аскерий учактары. 9-октябрь, 2015-жыл.
Орусиянын Сириядагы аскерий учактары. 9-октябрь, 2015-жыл.

Ал эми өлкөнүн экинчи ири шаары – Алеппонун айланасында 17-октябрда башталган чабуулдан бери аскерлер бир нече кыштакты ээлей алды. Бул чабуул өз кезегинде качкындардын жаңы толкунун жаратты. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо мекемеси Алепподон качкандар санын кеминде 35 миң деп эсептөөдө.

Сирия оппозициясына байланышы бар гуманитардык уюмдун кызматкери Давуд ал-Арааж Түркиянын Газиантепе шаарынан “ал-Жазира” телеканалына берген маегинде Алеппонун айланасынан чыккан качкындар тууралуу мындай деди:

- Согуш жүрүп жаткан зонадагы айылдарда жашаган калктын саны болжол менен 90 миңдин тегерегинде. Биз мигранттардын агымы боюнча акыркы маалыматтарды билбейбиз. Анткени, алар коопсуз кыштактарды көздөй жылууда. Мигранттардын көбү Алеппонун түштүк жана батышындагы коопсуз кыштактарды көздөй багыт алышты. Көбү ачык асман алдында да калды.

Шейшемби күнү Алеппо провинциясынын тургуну орус учактары 20-октябрда бомба таштаган кезди тартып алды деген видеотасма интернеттеги социалдык тармактарда да тарады.

Видеодо бомба ташталган жерден асманга чаң аралаш кара түтүн уюлгуп чыгып жатат.

Сириядагы согуш башталгандан бери байкоо салган уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, 19-октябрда Латакия провинциясынын Жабал Акрад деген аймагында Орусиянын аба соккусунан козголоңчул согушкерлерди жана жайкын тургундарды кошкондо 45тей киши мерт болгон.

Сирия аскерлери Алеппо провинциясында. 16-октябрь, 2015-жыл.
Сирия аскерлери Алеппо провинциясында. 16-октябрь, 2015-жыл.

Алардын арасында Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан куралдуу топтордун бири –"Биринчи жээк дивизиясынын" кол башчысы Басил Замо дагы бар.

"Биринчи Жээк дивизиясы" Сирия оппозициясынын “Эркин Сирия армиясы” менен кызматташып жүргөн топ.

Алардын басма сөз өкүлү Фади Ахмад Рейтердин кабарчысы менен маегинде топтун кол башчысы өлгөнүн ырастап, Орусиянын учактары "Биринчи жээк дивизиясынын" турумдарын үчүнчү ирет бутага алганын ырастады.

Орусия Сирияда аба соккуларын баштагандан бери Батыш өлкөлөрүнүн расмийлери ал “Ислам мамлекети” тобуна караганда, Асаддын режимине каршы күрөшкөн оппозиция согушкерлерине көбүрөөк зыян келтирип жатканын айтып келишет.

Маселен, британ тышкы иштер министри Филлип Хэммонд кечээ Лондондон буларга токтолду:

- Сирия режимдин жарандарга кол салуусунан жана өлкөнүн чоң бөлүгүн “Ислам мамлекети” тобунун катаал оккупациясынан улам гуманитардык кризисти баштан кечирүүдө. Орусиянын интервенциясы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш деген жүйө менен жасалды. Бирок чынында басым оппозициянын турумдарына жасалууда. Бул көрүнүш кырдаалды татаалдаштырып, оппозициянын чоң бөлүгү “Ислам мамлекети” тобунун колуна түшүп калуу тобокелчилигин жаратууда.

Британ тышкы иштер министри Филипп Хэммонддун айтуусунда, Сирияда азыр “Ислам мамлекети” тобуна же “ал-Каидачыл” уюмдарга кошулбаган оппозиция согушкерлеринин саны 80 миңге жетиши мүмкүн.Орусия болсо өз тарабынан Башар Асаддын режимине аскерий жардамын жашырбаганы менен, Батыштын Сирия оппозициясын алсыратып жатат деген ырастоосун четке кагып келет.

- Биз саясий диалог, саясий жараян, саясий реформага шарт-жагдай жаратуу үчүн Сирияны “Ислам мамлекети” тобунан жана башка террордук уюмдардан бошотуубуз керек. Сирия кризисинде аскерий чечим жок. Муну баары жакшы түшүнөт,- деди Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кечээ Женевадан.

Сирияда төрт жылга созулган куралдуу жаңжалда 250 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 4 миллион адам качкын болуп кетти, 7 миллиондой сириялык өлкө ичинде жер которду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG