Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Эки өлкө Сирия резолюциясына вето койду


Орусия жана Кытай Сириянын Алеппо шаарында бир аптага ок атышууну токтотууга үндөгөн резолюцияга вето коюшту. Долбоорду Египет, Жаңы Зеландия жана Испания иштеп чыгып, Коопсуздук кеңешинин кароосуна сунуш кылышкан. Документти Коопсуздук кеңешинин 11 мүчөсү колдоду.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин тыныгуу согушкерлерге өз позицияларын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет деген жүйөнү келтирди:

- Буга чейинки мындай тыныгууларды согушкерлер курал-жарактарын толуктоо, күч топтоо үчүн пайдаланып келгенин билебиз. Бул кайра эле миңдеген кишинин азап чегүүсүнө алып келет. Орусия Федерациясы гуманитардык үчилтик сунуш кылган резолюция долбоорун колдой албайт жана каршы добуш берет. Биз бул жөнүндө кеңеш мүчөлөрүн алдын ала кабардар кылганбыз.

Уруш башталган 2011-жылдан бери Орусия Сирия боюнча резолюцияны ушуну менен 6-жолу өткөрбөй койду, Кытай болсо беш ирет каршы добуш берди.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү күнү Москва Вашингтон менен оппозициялык күчтөрдүн Алепподон чегинүүсү боюнча сүйлөшүү башташарын билдирген эле:

- Алеппонун чыгыш бөлүгүнөн чыгууга каршылык көргөзгөн согушкер топтордун аракеттери терроризм катары бааланат. Аларга террорчулар жана экстремисттерге жасалгандай мамиле жасалат. Орусия армиясы ошондой куралдуу топторго каршы Сирия өкмөтүнүн аракеттерин колдомокчу.

Ноябрдын орто ченинен бери президент Башар Асадга баш ийген күчтөр орусиялык учактардын колдоосунда Сириянын экинчи ири шаарынын козголоңчулардын колундагы бөлүктөрүн кайтарууга аракет көрүп келатат жана бир топ жылышка жетишти.

Лавров согушкерлердин Алепподон чыгарылышы боюнча жолдор жана даталар макулдашылгандан кийин ок атышууну токтотуу режими жарыяланышы мүмкүн экенин айтты.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

Чуркин Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнө убакыт берүү үчүн резолюция боюнча чечимди токтото туруу керектигин белгиледи. Бирок АКШ расмий өкүлдөрү маалымдагандай, козголоңчулардын чегиниши боюнча макулдашуу эртең эле даяр боло калбайт, Асадга каршы күрөшкөн топтор эвакуация тууралуу чакырыктарды четке кагышты.

АКШ элчисинин орун басары Мишель Сисон сунушту четке кагуу дагы миңдеген карапайым сириялыктын өлүмүнө алып келет деп билдирди.

- Орусия менен Кытай бүгүн эмнеге каршы добуш беришкенин түшүндүрүүгө уруксат бергиле. Алар өмүр менен өлүмдүн ортосундагы адамдарга дары-дармек жеткирүүгө, бомбаланган ооруканаларда аман калууга мүмкүнчүлүгү жок, өлүм алдындагы бейтаптардын эвакуациясына, ачкачылыктан жапа чеккен адамдарды тамак-аш менен камсыз кылууга каршы добуш беришти. Бул бейкүнөө эркектер, аялдар менен балдарга өлүм жазасына барабар.

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.

Британиянын элчиси Мэтью Райкрофт Кытайдын бул маселеде Орусияга кошулганына таң каларын айтты. Дипломат "эки өлкө тең жарым миллиондой өз элин кырган зулумду колдошот" деп билдирди.

Ал эми кытайлык өкүл Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча мунасага келгиче резолюция долбоорун кабыл алууну башка күнгө жылдыруу керек деген оюн ортого салды. Британиялык элчини жагдайды татаалдаштырып, өз комментарийлери менен жыйындан кыянат пайдаланып жатат деп айыптады.

БУУнун маалыматына ылайык, Алеппонун козголоңчулардын көзөмөлүндөгү райондорунда кала берген 200 миңдей киши азык-түлүк, дары-дармектин тартыштыгынан жапа чегүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG