Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Орусия: Сирия оппозициясы химиялык курал колдонгон


Хан ал-Ассалдагы чабуулда жабыркаган адамды медиктер карап жатышат. Дал ушул жердеги урушта химиялык курал колдонулганы айтылууда, 19-март, 2013
Хан ал-Ассалдагы чабуулда жабыркаган адамды медиктер карап жатышат. Дал ушул жердеги урушта химиялык курал колдонулганы айтылууда, 19-март, 2013

Орусиянын БУУдагы расмий өкүлү Виталий Чуркин “Сирияда козголоңчулар химиялык курал колдонгонун” билдирди. Эки жарым жылдан берки жарандык согушта жаатташкан эки тарап тең “химиялык курал колдонду” деп бири-бирин айыптап келатышат.

Виталий Чуркин орус аналитиктеринин иликтөөсүнө шилтеме менен козголоңчулар “зарин” деген уулуу затты өздөрү жасап, быйыл 19-мартта Алеппонун сыртындагы атышууларда колдонушканын айтты.

Алеппонун түндүгүндөгү Хан ал-Ассал деген жердеги окуяда 26 адам набыт болгон. Бирок азыр өкмөт да, оппозиция да ошол “химиялык курал колдонулду” делген атышуулар үчүн күнөөнү бири-бирине артып жатышат.

Чуркиндин айтымында, орусиялык эксперттер чабуул болгон жерди текшерип келишкен.

"Мен Хан ал-Ассалдан орусиялык эксперттер топтогон үлгүлөрдүн негизинде жасалган анализдин жыйынтыгын азыр эле баш катчыга бердим, - деди элчи. - Баш катчыга буга чейин жиберилген анализдерден айырмаланып, бул жолку жыйынтыктар орус эксперттери өздөрү окуя болгон жерден чогулткан снаряд калдыктарынын үлгүрлөрүнүн негизинде жасалды, аларды бизге башка бир үчүнчү тарап берген эмес".

Анын айтымында, бул жолку үлгүлөр адатта химиялык курал колдонулган учурлардагыдан бир топ эле айырмаланат.

"Ошон үчүн ар бир жыйынтык Хан ал-Ассалда химиялык куралды куралчан оппозиция колдонгон деп ишенүүгө негиз берет. Биздеги маалыматка караганда, стандарттан сырт “Башаир-3” деген снаряддарды быйыл февралдан тарта куралдуу оппозиция менен байланыштагы “Башаир ал-Нассер” деген топ өндүрө баштаган", - деди Чуркин.

Дүйшөмбүдө Сирия Хан ал-Ассалдагы чабуулду тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде талкуулаш үчүн Дамаскиге Бириккен улуттар уюмунун иликтөөлөр миссиясынын башчысы Аке Селлстром менен Улуттар уюмунун Куралсыздандыруу миссиясынын башчысы Ангела Канени чакырды.

Орусиялык элчи муну кубаттап, акыр аягында азыркы процесс кеңири иликтөөлөргө жол ачат го деген ишенимин билдирди.

Анткен менен Орусия тараптан айтылган маалыматка АКШ ишенбей жатканы көрүнөт. Вашингтондо Ак үйдүн расмий өкүлү Жэй Керни: “Биз азырынча Сириядагы согушта өкмөттөн башка кимдир бирөө химиялык куралды колдонгонун же аны колдонууга мүмкүнчүлүгү бардыгын көрө элекпиз”, - деп айтты.

Буга чейин Британия, Франция жана АКШ Улуттар уюмунун баш катчысына Сирияда химиялык курал колдонулганы тууралуу өздөрүнүн маалыматын беришкен. Баш катчы Пан Ги Мун болсо Хан ал-Ассалдагы окуяны эле эмес, андан кеңирирээк иликтөөлөрдү өткөрүү зарылдыгын кайталап келатат.

Сирияда өкмөттүк армия менен ага каршы курал көтөргөн оппозициянын ортосундагы атышуулар 2011-жылдын мартынан бери уланууда. Ошондон берки атышууларда, Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча, 90 миңден ашуун адам өлдү.

Адамдын нерв системасын иштен чыгарып, өзүн толугу менен шал кылчу “зарин” уулуу заты уруштарда колдонулганы тууралуу талаш-тартыштар апрелде башталган. Бирок анын ким тарабынан качан колдонулганы тууралуу бир да так иликтенген далил жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG