Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Сирияда Орусиянын тик учагы атып түшүрүлдү


1-августта атып түшүрүлгөн Mи-8 тик учагынын сыныгы.
1-августта атып түшүрүлгөн Mи-8 тик учагынын сыныгы.

1-августта Сириянын Идлиб провинциясында Орусиянын аскерий тик учагы атып түшүрүлдү. Ми-8 учагы гуманитардык миссиясын аткарып, авиабазага кайтып келатканда жерден аткылоого кабылган. Ичиндеги беш адамдын баары набыт болду. Алардын бири аял офицер экени кабарланууда.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Ми-8 аскерий-транспорттук тик учагын Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршы күчтөр көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясындагы согушкерлер жерден атып түшүргөн. Ичинде беш орусиялык жаран бар болчу. Үчөө экипаж мүчөлөрү, калган экөө аскер кызматкери.

Алардын бири да аман калбаганын орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Песков набыт болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, алар баатырларча курман болгонун белгиледи.

Тик учак кулап түшкөн жерден тартылган сыныктардын, өлүп жаткан учкучтун, алардын документтеринин чөнтөк телефонго тартылган сүрөт, видеосу алгач интернеттеги социалдык түйүндөрдө, андан кийин араб жана Батыш массалык маалымат каражаттарында чыга баштаган. Сүрөттөгү орусиялык үлгүдөгү документтердин бири эркек, бири аял кишиге таандык экени көрүнүп турат.

«Ал-Жазира» телекомпаниясынын кабарчысы Адхам Абу ал-Хусам Орусиянын тик учагы кулаган Идлиб провинциясынан окуя тууралуу кабарлап жатып:

- Орус тик учагы кыйраган аймакты Сириянын оппозициялык топтору, анын ичинде «ал-Нусра» уюму көзөмөлдөйт. Ал жерде аскерий аба операциялары тынбай жүрүп тургандыктан учактын ичиндегилерди сыртка чыгаруу оор болду. Алар таптакыр күйүп кеткен экен, - деп маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин ырасташынча, тик учак Алепподо гуманитардык миссия аткарып, «Хмеймим» авиабазасына кайтып бара жаткан. Ал Алеппонун Кусайр-ал-Вард провинциясынын тургундарына ун, күрүч, эт, балык жана азык-түлүктүн башка түрлөрүн, дары-дармек жеткирип берген.

Сириялык укук коргоочулар жана жергиликтүү тургундар орус авиациясын президент Башар Асаддын аскерлери менен куралчан оппозиция отряддары талашып жаткан Алеппо шаарынын жай тургундар жашаган кварталдарын бомбалап жатат деп, буга чейин бир нече жолу айыпташкан болчу.

Орусия жана Сирия бийликтери согуш жүргөн Алеппо шаарынын карапайым тургундары аймактан чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачууну макулдашканын, куралын таштап, багынып берген согушкерлерге да ушул жол менен шаардан чыгууга уруксат берилерин өткөн аптада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирген.

Алеппо Сириядагы ири шаарлардын бири. Ушу тапта ал жерде Орусия колдогон Сирия бийлиги козголоңчуларга каршы көзөмөлүн күчөттү. Кагылыш аймагында 250 миң жайкын тургун бар экени айтылып келет.

Орусиянын Сириядагы аскерий операциялары былтыр сентябрь айында башталган.

XS
SM
MD
LG