Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

“Жаңы доор” саясий партиясы түзүлдү


Бишкек шаары
Бишкек шаары

“Жаңы доор” аттуу жаңы саясий партия түзүлдү. Аны Жамалбек Ырсалиев жана Улукбек Кочкоров жетектешет.

24-октябрда каттоодон өткөн бул партия 11-декабрда Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышарын Ырсалиев “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Тизменин башында мен барам. Экинчи катарда Улукбек Кочкоров турат. Мүчөлөрүбүздүн азырынча так саны жок. Бизге тилектеш, пикирлеш кишилерди күтүп жатабыз.

Жамалбек Ырсалиев буга чейин “Замандаш” партиясынан шаардык кеңешке депутат болгон. Улукбек Кочкоров парламенттин мурунку чакырылышында “Ата Журт” партиясынан эл өкүлү болуп келген.(SE)

XS
SM
MD
LG