Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Аба ырайы: чукул билдирүү


23-24-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде бурганактап жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

24-25-январда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -6…-11°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -3…+2° градус болот. Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0...-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -12…-17° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аба ырайы

24-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,

Талас жергесинде -3...-8, күндүз 0...-5,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -7....-12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -8...-13,

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3 градус болот.

XS
SM
MD
LG