Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Кремль Путин менен Трамп жакын арада телефондон сүйлөшөт деп күтөт


Алар эки президенттин телефондон сүйлөшүүсүнүн датасы жакын арада макулдашылат деп күтүп жатышканын бүгүн Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдирди.

Песков ошондой эле Трамп менен Путиндин алгачкы көзмө-көз жолугушуусу качан өтөрү боюнча азырынча “эч кандай маалымат жоктугун”, ошондой эле Орусия менен АКШнын исламчыл согушкерлерге каршы ыктымал кызматташтыгынын деталдарын талкуулоо азырынча эрте экенин белгиледи.

Орусия менен бузулган мамилени оңдоо ниети, үмүтү бардыгын АКШнын жаңы президенти шайлоо өнөктүгү учурунда, андан кийин да билдирип келген.

Трамп 20-январда ант берип, кызматына расмий киришкенден кийин Ак үй “радикал исламчыл террордук топторду” жеңүү - АКШнын тышкы саясаттагы артыкчылыгы болорун бул максатка жетүү үчүн зарыл болсо Вашингтон биргелешкен жана коалициялык аскерий операцияларга барарын билдирген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москва менен Вашингтондун кызыкчылыктары “албетте шайкеш келген” көп учурлар бардыгына, алар Трамптын администрациясынын конкреттүү сунуштарын кароого даярдыгына токтолду. (UE)

XS
SM
MD
LG