Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Саудия Асадды кулатуу аракетин күчөттү


Владимир Путин жана Бандар бин Султан. 2008-жылы тартылган сүрөт.

Владимир Путин жана Бандар бин Султан. 2008-жылы тартылган сүрөт.

Саудиянын Асадды кулатууга катуулап киришип калганынын акыркы ишарасы катары өлкөнүн чалгын кызматынын башчысы, ханзаада Бандар бин Султандын Орусияга жасаган жакындагы иш сапары айтылып жатат.

Расмий Эр-Рияддын жогорку даражалуу чабарманы Москвада президент Путиндин өзү менен жолуккан эле. Июлдун акыркы күндөрүндөгү сүйлөшүүлөрдүн мазмуну беймаалым калган. Бирок Сирия оппозициясынан Саудияга жакын булактардын айтымында, ханзаaда Бандар бин Султан Москваны Асадды колдоону токтотуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча болочок резолюциясына вето салбоого чакырган.


Бандар бин Султан орус президентинин Ново-Огарево резиденциясында. 31-июль, 2013-жыл.

Бандар бин Султан орус президентинин Ново-Огарево резиденциясында. 31-июль, 2013-жыл.

Москванын Сирия боюнча туруму өзгөрүүсү үчүн Саудия Орусиядан 15 миллиард долларга чейинки каражатка курал сатып алууну убада кылган. Перси булуңундагы газ өндүрүүчүлөр Европада Орусия менен атаандашпай турганына кепилдик берери айтылган.

Бирок бул сунуштар Москваны кызыктырбагандай. Кремль айрым маалымат каражаттарынын кабарларын чындыктан алыс деп атады.

Президент Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун ырастоосунда, Саудиянын чалгын башчысы менен жолугушууда Сирия боюнча келишим жана аскерий-техникалык кызматташтык маселеси талкууланбады.

Орусияга кандайдыр бир сунуш бердиби же жокпу, бирок сауд чалгын кызмат башчысынын Москвага сапары Эр-Рияд азыр Сирияны тышкы саясаттагы башкы приоритетине айлантканын көргөзүүдө.

Эл аралык жана коопсуздук маселелери боюнча Берлиндеги институттун эксперти Волкер Пертес мындай дейт:

- Быйыл июнь, июль айынан тарта алар Сирия оппозициясын каржылоо ишин жетектөөгө алды. Сирия оппозициянын казынасына, колуна, балким курал-жарагы үчүн берилген акчаны да улам көбөйткөндүктөн, алар оппозицияны ким башкарарын да чечип жатышат. Мындан тышкары Батыш менен Орусия да дипломатиялык жигердүүлүгүн да күчөтүштү.

Германиялык талдоочу Волкер Пертес Саудияны Сириядан чочулоого жана мындай кадамга барууга эмне түртүп жатканы боюнча буларды айтат:

- Алар балким тартип өзгөрүп кетеби деп кооптонууда. Жакынкы Чыгыш менен Ливанда Иран гегемониясын орнотуп, Иракты, Сирияны, Ливанды көздөй түз жол ачып алышы ыктымал деп чочуйт. “Хезболла” тобу Ливанда Саудия көп жылдардан бери колдоп келген сунни саясатчыларын жеңип алабы деп кооптонот. Алар ошондой эле Асад үстөмдүк кылып кетеби, эгер оппозиция жеңсе, бийликке алардын туура эмес канаты келип калабы деп да чочуйт.

Талдоочулардын көз карашында, Саудияда мындан башка да камтамачылык бар. Ал Сириядагы жаңжалдын коңшу Иорданияны дестабилдештирүү ыктымалдуулугу.

Анткени иордан падышасы Абдаллага ичтен күчтүү оппозиция бар. Экинчи жагынан өлкө Сириянын жүз миңдеген качкындары үчүн баш оорутууга туура келүүдө.

Теодор Карасик - Жакынкы Чыгыш жана Перси армиясы боюнча Дубайдагы институттун аналитиги:

- Эгерде Иордан падышалыгы бейпайга түшсө, саудиялыктар Бахрейнге кирип барышкандай эле жардамга ашыгышат. Алардын көз карашында, бир монархиянын кыйрашынын башка монархияларга эбегейсиз терс кесепети болот.

Талдоочу Карасик кошумчалагандай, Сирия жаңжалы өзүнө коңшу мамлекеттерден жана башка жактардан диний ажырамга маани берген экстремисттерди өзүнө тартып жаткандыктан, аймакта диний тирешүү күчөп кетиши мүмкүн. Өз тарабынан Саудия бир күнү Сириядан үйүнө кайтуучу согушкерлеринен эки коркунучту сезип турат.


Сириянын түндүктөгү Ракка шаарынан бир көрүнүш. 7-август, 2013-жыл.

Сириянын түндүктөгү Ракка шаарынан бир көрүнүш. 7-август, 2013-жыл.

Биринчиси - мекенине кайткан сунни согушкерлери “ал-Каиданын” падышалык үй-бүлөгө каршы узактан берки күрөшүнө жаңы дем бериши мүмкүн.

Экинчиси - мекенине кайткан шиит согушкерлери Саудиянын чыгышын байырлаган, тарыхый жактан караганда басмырланып келген шииттердин радикалдашуусуна салым кошуусу ыктымал.

Мына ушул жүйөөлөрдөн улам Сирия козголоңчуларын колдоодо өзүнө жетектөөчү вазийпаны ыйгарып жаткан Саудия алдыда дүйнөлүк державалар менен кандай мунаса таба алары азырынча беймаалым болуп турат.

2011-жылдын мартында Асаддын режимине каршы демонстрациялар менен башталган Сирия жаңжалына эки жарым жылга аяк басып калды. БУУнун соңку эсебинде, жаңжалдан азыркыга дейре 100 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG