Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Тажикстан АКШ жана Орусия менен машыгуу өткөрөт


Орусиянын Тажикстандагы аскердик күчтөрү
Орусиянын Тажикстандагы аскердик күчтөрү

Тажикстанда 27-мартта АКШ жана Орусиянын күчтөрүнүн катышуусундагы эки башка машыгуу башталганы турат. Тажик-АКШ машыгуусу 7-апрелге чейин уланарын АКШнын Душанбедеги элчилиги билдирди. Анын маалыматы боюнча, террорчулукка каршы күрөштүн алкагында өтө турган машыгууга 150 америкалык, 100 тажикстандык аскер катышат.

Элчиликтин бул билдирүүсүнөн көп өтпөй, Орусиянын жана Тажикстандын 40 миңге чукул аскерлери 27-марттан 31-мартка чейин машыгуу өткөрөрүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлап чыкты. Ага ылайык, машыгууга катышкан аскерлердин эки миңдейин орус күчтөрү түзөт.

Орусиянын Борбор аскердик округу ырастагандай, бул машыгуу үчүн Кыргызстандагы Кант аба базасына 25-мартта бир канча аскердик учактар жеткирилди. Тажикстандагы орус күчтөрүнүн өкүлү бул машыгуу Тажикстандын Хатлон аймагында өтөрүн, бирок ал бир нече айга созуларын "Азаттык" радиосуна билдирди.

XS
SM
MD
LG