Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

“Сириянын достору” оппозиция бирикмесин тааныды


Хомс шаарынын аткылоодон талкаланган эски бөлүгү.
Хомс шаарынын аткылоодон талкаланган эски бөлүгү.

“Сириянын достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн Стамбулдагы кечээги жыйында оппозициянын Сирия улуттук кеңеши бүткүл сириялыктардын мыйзамдуу өкүлү катары таанылды.

Бир күндүк кеңешменин жыйынтык коммюникесинде президент Башар Асад үчүн Улуттар уюму менен Араб лигасынын тынчтык планын аткаруу мөөнөтүнүн аягы жок эместиги көрсөтүлдү. Мурдараак расмий Дамаск аталган планды кабыл алууга макул болгон эле.

Батыштын жана араб дүйнөсүнүн жетимиштен ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү Стамбулга Сирия бийлигине оппозицияны күч басууну токтотуусу үчүн кысым көргөзүүнү күчөтүү максатында чогулду. БУУнун Коопсуздук кеңешиин Сирия боюнча буга чейинки эки резолюциясына вето салып, өткөрбөй койгон Орусия, Кытай жана Дамасктын аймактагы өнөктөшү Иран жыйынга келген жок.

Оппозиция колдоо ала баштады

“Сириянын достору” тобунун коммюникеси оппозиянын Сирия улуттук кеңешин тааныгандан тышкары БУУ менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннанды кийинки кадамдардын жадыбалын белгилөөгө, анын ичинде Коопсуздук кеңешинде качан баяндама жасарын көргөзүүгө чакырды.


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон жана Түркия тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы "Сирия достору" тобунун жыйынында.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон жана Түркия тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы "Сирия достору" тобунун жыйынында.
Жыйындын конок ээси – Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өз сөзүндө эл аралык коомчулук сириялыктардын өзүн-өзү коргоо укугун колдоосу керектигин белгиледи.


АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо конференциядагы сөзүндө Асаддын өкмөтүнүн мүчөлөрүн карапайым жарандарды бутага алууну токтотууга үндөп, болбосо олуттуу кесепеттерге кабыларын эскертти.

Ага катар ал АКШ Сирия оппозициясын байланыш каражаттары менен камсыздап, аны аракеттенүүнүн саясий планын өнүктүрүүгө үндөгөнүн кошумчалады:

- Адамдар Сириянын ичинде Асаддын катаал режиминин негизги соккусуна кабылып жаткандарга жардам көргөзүү ыкмаларын табуу үчүн тынбай иштешүүдө. Биз режимдин аракеттери канчалык айоосуз болгонун билебиз. Сириянын Улуттук кеңеши түрдүү сириялыктардын баш кошуп, бир багытка бириктирүү үчүн талыкпастан иштеди. Жакынкы күндөргө чейин кимге жардам берүү керектигин билүү кыйын болгон. Уюшкан аракет көрүлгөн эмес.

Стамбул жыйынында расмий таанылган Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиун жекшембиде алар эми президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан “Эркин Сирия армиясынын” козголоңчуларына айлык акы төлөй тургандыктарын жарыялады.


Анын ырастоосунда, Асаддын өкмөтү БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын аткарары арсар:

- Араб лигасынын планын кубаттагандай эле, биз Аннандын да планын кубаттайбыз. Анткен менен бизде режим мурдагыларды аткарбагандай эле, бул планды да аткарбай тургандыгында шегибиз жок.

Оппозиция лидери Бурхан Галиун Стамбулдагы конференциянын алдында эл аралык коомчулукту сириялык козголоңчуларды курал менен камсыздоого чакырган эле. Бирок мындай чакырыкты маселен Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики четке какты:

- Биз оппозицияны куралдандырууну четке кагабыз. Биз режимди күч менен кулатуу боюнча баардык жараяндарды четке кагабыз. Анткени режимди күч менен кулатуу аймакта чоң кризис жаратып, башка өлкөлөргө да учкун жана от чачуусу мүмкүн. Анткен менен биз Сирия элинин эркин, талаптарын, максатына жетүү аракеттерин колдойбуз. Биз Улуттар уюмунун колдоосу астындагы ички диалог, саясий диалог Сирия элине максатына жетүүдө жана Сирияны улутуна карабастан анын баардык компоненттери жашай алган бирдиктүү өлкө катары сактоого жардам берет деп ойлобуз.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын планы урушту токтотулуусун, өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсүн жана эл аралык гуманитардык уюмдар Сирия аймагына киргизилишин карайт.

Дамаск ушул ишембиде оппозицияны "жеңгенин", бирок жоокерлер менен танктар шаарлардан жашоо кадимки нугуна түшкөндө гана чыгарыларын билдирген.

Кечээ президент Башар Асадын элүүдөй жактоочусу Стамбулда “Сириянын достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жердин сыртында “Эл Башар Асадды каалайт”,- деп кыйкырып турушту.

Кан төгүү токтой элек

Бул аралыкта Сириянын өзүндө кан төгүү токтой электей. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, ишембидеги атыштардан 32 адам, анын ичинде 24 жайкын тургун, жекшембиде16 адам мерт болгон. Алардын сегизи өлкөнүн түндүк-батышында жана борбор Дамасктын жанында буктурмага кабылган аскерлер.

БУУнун эсебинде, Сирияда демократияны талап кылган митингдер менен башталып, бир жылдан бери уланып жаткан козголоңдон тогуз миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG