Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Сирия армиясына "Хезболла" көмөктөшүүдө


Сириядагы Деир ал-Зор шаары, 19-май, 2013-жыл
Сириядагы Деир ал-Зор шаары, 19-май, 2013-жыл

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары Кусейр шаарын кайтаруу операциясында бери дегенде 100 киши набыт кеткенин кабарлашууда. Өлкөнүн батышындагы шаар бир нече айдан бери оппозициянын таянычы болуп келген. Козголоңчулар болсо өкмөттүк аскерлерге Ливанда жайгашкан "Хезболла" согушкер тобунун күчтөрү көмөктөшүп жатканын ырастоодо.

Өкмөттүк каражаттар Ливан менен чек арага жакын жердеги Кусейр шаары үчүн урушта 100дөн көп «террористтер» жок кылынганын билдиришүүдө. Дамаск бийлиги козголоңчуларды дал ушинтип атап жүрөт. Оппозиция болсо армиянын артиллериялык чабуулунан 50 киши, анын катарында жайкын жашоочулар набыт кеткенин маалымдады.

Сириядагы Адам укуктарына көз салган топтун айтымында, жекшембинин кечинде башталган операцияга өкмөттүк күчтөр менен бирге "Хезболланын" согушкерлери катышууда.

Мамлекеттик телеканал армия шаардын борборун өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Бирок муну көз карандысыз булактар тастыктай элек. Кусейр стратегиялык маанилүү пункт болуп эсептелет. Шаар өкмөттүк күчтөргө өтсө, козголоңчулар ээлеп алган Идлиб жана Алеппо аймактарына карай жылууга шарт түзүлмөкчү. Асад режимине каршы күрөшкөн топтор Кусейрди бир нече айдан бери көзөмөлдөөдө.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Сириядагы курал-жарактын Ливандагы "Хезболла" тобунун колуна өтүшүн алдын алуу аракети мындан ары да улана берет деп билдирди:

- Жакынкы Чыгыш абдан катаал мезгилди башынан кечирип жатканы калетсиз. Сириядагы кырдаал барган сайын курчуп, бейстабилдүүлүктүн очогуна айланды. Биз ал өлкөдөгү окуялардын өнүгүшүнө жакындан байкоо салуудабыз жана ар кандай сценарийге даярданып атабыз.

Израилдин согуш учактары айдын башында Дамасктын жанындагы объекттерге 2 сокку урган. Тел-Авив өкмөтүнүн жогорку өкүлү соккулар ирандык заманбап куралдын "Хезболлага" өтүшүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн.

Ал тапта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун эмки айда Сириядагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу боюнча конференция өткөрүлөт деген үмүтүн билдирди. АКШ жана Орусия Дамаск режими менен оппозицияны сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга аракеттенишмей болду. Бирок жолугушуунун датасы азырынча белгилене элек.

Башар Асад болсо аргентиналык “Кларин” гезитинин суроолоруна жооп берип, 2014-жылкы президенттик шайлоого чейин кызматтан кетпей турганын кайталады.

Президент Москва менен Вашингтон сунуштап жаткан конференцияда “террористтерге” багытталган акча менен куралдын агымын токтотуу маселеси талкууланышы керек деди.

Ал эми АКШнын Биргелешкен штабынын төрагасы, генерал Мартин Дэмпси өткөн жума күнү Орусиянын Дамаск режимине кемелерге каршы ракеталарды сатышын сындап, бул – Сириядагы абалдын оорлошуна гана алып келе турганын билдирди.

Генералдын айтымында, Москванын мындай “жаңылыш чечими” президент Башар Асадга дем берет жана Сирия элинин азап чегүүсүн тереңдетет. Дэмпсинин пресс-конференциясы алдында The New York Times гезити Орусия жакында Сирия өкмөтүнө заманбап радар менен жабдылган “Яхонт” ракета системасын жөнөткөнүн жазган. Ал система кемелерге сокку уруу үчүн колдонулат.

Ошол эле маалымат жыйынында АКШнын коргоо министри Чак Хэйгл Москваны Сирия өкмөтүнө аскердик жардам берүү саясатын кайра карап чыгууга чакырды жана АКШ менен Орусия Жакынкы Чыгышта регионалдык согушту алдын алууга кызыкдар деп белгиледи.

БУУнун маалыматына ылайык, Сириядагы уруш кеминде 80 миң кишинин өмүрүн алып кетти. Жаңжал 2011-жылдын март айында президент Асаддын режимине каршы демонстрациялардан башталып, жарандык согушка айланды. Жана барган сайын куралдуу кагылышуулар региондун башка өлкөлөрүнө жайылышы мүмкүн деген кооптонуулар өсүүдө.

XS
SM
MD
LG