Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Сирия сүйлөшүүлөрү кайра жанданды


Хомстагы эвакуация алдында. 9-февраль, 2014-жыл.
Хомстагы эвакуация алдында. 9-февраль, 2014-жыл.

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы кечээ Женевада башталды. Бирок каршылашкан тараптардын бир мунасага келе алуусу али суроо жараткан маселе бойдон.

Сүйлөшүүлөрдүн он күндүк тыныгуудан кийин уланып жаткан экинчи айлампасына Сирия оппозициясынын Улуттук кеңеши өлкөнүн ичинде урушуп жаткан козголоңчулардын да өкүлдөрүн кошо алып келишкен. Жаңжал башталган үч жылдан берки алгачкы түз сүйлөшүүлөр кайра жанданар алдында эки жак менен БУУнун Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими өз-өзүнчө кездешти. Ал жаатташкан тараптарды оболу урушту кантип токтотуу жана өткөөл өкмөттү түзүү маселесин чечип алууга чакырган.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын башталуусуна тушташ Хомс шаарынын камоодо калган райондорунда ок атышууну токтотуу же гуманитардык тынымдын мөөнөтү дагы үч күнгө узартылды. Ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга ылайык, 7-февралдан бери Хомска гуманитардык жардам жеткирилип, ошол эле учурда ал жерден адамдар эвакуацияланып жаткан эле. Бирок өткөн ишемби күнү макулдашуу бузулуп, Хомска барган гуманитардык кербен аткыланган.

Бул үчүн өкмөт согушкерлерди айыптаса, Сирия оппозициясы Женевада Улуттар уюмунун чабарманы Лахдар Брахимиге күбөлөрдүн Хомста гуманитардык жардам кербенин өкмөттүк күчтөр аткылаганы боюнча далилдерин жана өткөөл өкмөт, улуттук институттар боюнча сунуштарын тапшырышты.

Сирия оппозициясынын басма сөз катчысы Монзер Акбик Женевадан кабарчыларга буларды айтты:

- Биз тапшырган дагы бир документте Женева конвенциясында айтылгандай, өткөөл өкмөт аркылуу саясий чечимге баруу боюнча биздин көз караштарыбыз жазылган. Өткөөл өкмөт бийлик толук кандуу берилип, бейтарап чөйрөдө иш алып барып, кыянатчылыктарды токтотуп, өлкөнү элдешүүгө жана демократиияны көздөй жетелөөгө кудуреттүү болушу керек.

Бирок Сирия бийлиги, оппозициясы үчүн да өткөөл өкмөттүн түпкү маселеси – ага президент Башар Асад кошулар-кошулбасы. Оппозиция өткөөл өкмөттө Асадга жол жок десе, бийлик бул маселенин талкууга алынышына караманча-каршы.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем сүйлөшүүлөрдүн майнапсыз аяктаган биринчи айлампасынан кийин мындай деди:

- Бир жумага созулган диалог учурунда сезилерлик жыйынтык эки себептен улам болбоду. Биринчиси, экинчи тараптын жетиле электиги, сүйлөшүүлөрдө бир эле маселени талкуулоону талап кылып, коркутуусу. Алардын ою боюнча биз бул жерге бир эле саатка келип, каалаганынын баарын берип, анан үйгө кете берүүбүз керек экен.

Азырынча жылыш болору байкала эле сүйлөшүүлөр кеминде жума күнгө чейин уланаары күтүлүүдө.

Бул аралыкта кечээ Сириянын химиялык куралынын үчүнчү бөлүгү өлкөдөн чыгарылды. Жараянды көзөмөлдөп жаткан мекеме - Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун билдиргенине караганда, Норвегиянын кемесине салынган жүктү Кытайдын, Орусиянын, Даниянын кемелери коштоп кетти.

Сирия өзүн химиялык куралын өткөрүп берүүнү 30-июнга чейин аяктоосу керек. Азыр мурда мерчемделген графиктен дээрлик бир айга кечигүүдө.

Үч жылга аяк басып калган Сирия жаңжалы БУУнун эсебинде, 130 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды, миллиондогон адам үй-жайынан безүүгө аргасыз болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG