Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Алепподогу кырдаалды талкуулоодо


Сирия, Алеппо шаары, 20-октябрь, 2016-жыл.
Сирия, Алеппо шаары, 20-октябрь, 2016-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Женевада Сириянын Алеппо шаарындагы кырдаалга арналган атайын жыйын өткөрүүдө. Британиянын демилгеси менен чогулган жыйын катышуучулары калаанын козголоңчулардын карамагындагы бөлүгүндө болуп жаткан зордук- зомбулуктар боюнча резолюция кабыл алууга ниеттенүүдө.

Алеппонун 250 миңдей тургуну Орусия колдогон өкмөттүк аскерлердин камоолунда калган. 47 мамлекетти камтыган кеңешке кайрылып, БУУнун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Зеид Раад ал-Хусeйн "тарыхый масштабдагы кылмыштарга" каршы чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG