Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Cирия: Ассадга каршы чыккандарды аёо жоктой


Банияс шаарындагы каршылык акция, 22-апрель.
Банияс шаарындагы каршылык акция, 22-апрель.

Сирияда бийликке каршы нааразылык акцияларында акыркы эки күн ичинде эле ондогон демонстранттар мерт болду.

АКШ президенти жана БУУнун башкатчысы Сирия бийликтери режимге каршы көтөрүлгөндөрү басуу үчүн кан төгүүгө барып жатышын айыпташты .Сирияда президент Башар аль-Ассаддын режимине каршы нааразылык акциялары беш аптадан бери өтүүдө. Бирок ушул аптанын жумасы демонстрациялар башталгандан берки эң кандуу күн болуп калды.

Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жаңы өлүмдөргө алып келди

Ишембиде борбор Дамасктын чет жакасындагы Дума районунда кечээ мерт болгон демонстранттарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышып жаткандарды көздөй имараттардын чатырында турган снайперлер ок чыгарган. Натыйжада бул жерде алты адам каза тапканы кабарланды. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Изра деген шаарда, активисттердин айтымында, кечээ каза болгондорду акыркы сапарга узатып жаткандарга коопсуздук күчтөрү ок ачып, эки адамды мерт кылган. Бирок бул маалыматтар башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Кандуу жума

Мунун алдында жума күнү президент Башар Ассаддын бийлиги токтошун жана өзгөрүүлөрдү талап кылып, күбөлөрдүн айтымында, түштүктөгү Дераа, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хама жана Хомс, түндүктөгү Ракка жана Адииб, деңиз жээгиндеги Латакия жана Банияс, түндүк-чыгыштагы күрт аймагында, борбор Дамасктын чет жакасындагы райондо миңдеген адам жыйналган эле. Демонстрациялар түндүк-чыгыштагы Камишлил, түштүктөгү Жасим шаарларында да өткөн. Жасим шаарындагы демонстранттар өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды айтып, анын ичинде адамдар режимди кулатууну көздөрүн да жашырышкан эмес.

Жума күнкү нааразылык акцияларын уюштурган сириялык уюм коопсуздук күчтөрүнүн огунан бери дегенде 88 киши каза тапканын кабарларды, Эл аралык Мунапыс уюму болсо өлгөндөр саны 75 экендигин билдирүүдө. Сириянын расмий “САНА” жаңылыктар агенттиги болсо мындан кыйла эле аз санды айтып, демонстранттар менен көчөдө жүргөндөрдүн кагылышынан 10 адам каза тапканын маалымдады. Анын ырастоосунда, өкмөттүк күчтөр демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү гана колдонгон. Маселен Хомс деген шаарда демонстранттарга белгисиз куралчандар ок ачып, ага катар полиция бектине да кол салышккан.

Батыш маалымат агенттиктери болсо күбөлөргө шилтеме жасап, коопсуздук күчтөрү көчөгө чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ менен катар чыныгы окторду да колдонгонун жазууда. Адам укугун коргоочулардын айтымында, Сирияда беш аптага созулган элдик толкундоолор учурунда каза тапкандар саны кеминде 220га жетет.

Дүйнө лидерлеринин айыптоосу, Ирандын төгүндөөсү

АКШ президенти Барак Обама жана БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Сирия бийликтеринин жума күнкү чараларын кескин айыптады. Маселен АКШ президентинин билдирүүсүндө нааразылык акцияларына чыккандарды репрессиялоо токтотулуш керектиги айтылып, “президент Ассад өз элин уккандын ордуна сырткы байкоочуларды күнөөлөп, ошол эле учуруда Сириянын жарандарын анын ирандык өнөктөштөрү колдонгондой катаал тактиканын жардамы менен жазалоо үчүн Ирандан колдоо алууга аракеттенүүдө”,- деп белгиленген. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун болсо демонстранттардын өлүмүн ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырып, президент Ассаддын өкмөтү адам укуктары боюнча эл аралык эрежелерди, анын ичинде ой-пикир билдирүүгө, тынч жыйналууга, басма сөз эркиндигине болгон укукту урматтоосу керектигин эскертти. Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлиги АКШ президентинин Сирия өзүндөгү толкундоолорду басуу үчүн Тегерандан жардам алууну көздөп жатат деген айыптоосун четке какты. Ирандын тышкы саясий мекемесинин өкүлү Рамин Мехманпарастын айтымында, Тегерандын тышкы саясаты абдан айкын, ал тигил же бул өлкөнүн ички ишине кийлигишпейт.

Оппозициянын талабы

Жума күнкү кан төгүү президент Ассад ага каршы чыккандардын нааразылыгын басуу үчүн айрым бир чегинүүлөргө барып, анын ичинде акыркы 48 жыл бою өкүм сүргөн өзгөчө абал тартибин жойгондон кийин орун алып олтурат. Бирок Ассадын оппонеттери ал жасаган айрым кадамдарды жетишсиз деп эсептөөдө. Нааразылык акцияларын уюштуруп жаткан, “Сириялык жергиликтүү уюмдар комитети” деген бирикме ушул аптада тараткан билдирүүсүндө “өлкөнүн улуттук институттарын тезинен реформалоону” талап кылган. Билдирүүдө “кыйноолорду, камоолоорду токтотуу, саясий айыпкерлердин баарын абактан бошотуу, буга чейин каза тапкан демонстранттардын өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү, мамлекеттик деңгээлде үч күнгө аза күтүү күнүн жарыялоо” керек деген талаптар да көргөзүлгөн Бирок бийликке жолдонуп жаткан талаптардын эң радикалдуусу – Конституциянын реформалап, президенттин бийлигин эки мөөнөт менен гана чектөө.

Президенттикти Сирияны отуз жыл башкарган атасы Хафиз ал-Ассаддын көз өткөндө, 2000-жылы мурастап калган Башар Ассаддын мамлекет башчылыгында турганына 11 жыл болуп калды. Ассад өзү ушул аптада өзгөчө абал тартиби жоюлгандан кийин сириялыктарда нааразылык билдиргидей жүйөө калбай тургандыгын айткан. Дээрлик жарым кылым өкүм сүргөн бул тартип коопсуздук күчтөрүнө жарандарды айыпсыз эле камоого мүмкүндүк берчи.

Сирияда да акыркы күндүн окуялары режимди ичтен ыдырата баштаганынын алгачкы белгисиби, айтор, демонстранттардын өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирип ишембиде парламент депутаты Халил аль-Рифаи кызматтан чегинди. Ал парламенттин мандаттан баш тарткан экинчи депутаты болду. Мурда ушундай эле кадамга Насер аль-Харири ысымдуу депутат да барган. Маданттан баш тарткан эки депутат тең парламентке түштүктөгү Дераа шаарынан келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG