Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы укук коргоо органдарына кайрылды


Партия жетекчиси Бакыт Төрөбаев.
Партия жетекчиси Бакыт Төрөбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы сайтка байланыштуу Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине кайрылды. Аталган партиядан билдиришкендей, белгисиз бирөөлөр партиянын сайтына окшош сайт ачып алган.

Анда партия лидери, депутат Бакыт Төрөбаевдин аброюна шек келтирген маалыматтар жайгаштырылган. Мындан улам партия өкүлдөрү жалган интернет сайт ачкандарды таап, жазага тартууну укук коргоо органдарынан өтүнүүдө.

Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абаддагы шайлоого КСДПга уруксат берилгенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. (NT)

XS
SM
MD
LG