Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Сирия: газ чабуулга Түркиянын тиешеси барбы?


Газ чабуулунан кийин ууланган бала. Дамаск. 21-август, 2013-жыл.
Газ чабуулунан кийин ууланган бала. Дамаск. 21-август, 2013-жыл.

Белгилүү америкалык журналист Сириядагы химиялык чабуул артында Түркия турганын болжолдогон макаласы үчүн сынга кабылды. Сеймур Херштин ырастоолорун АКШнын да, Түркиянын да бийликтери жалган деп четке каккан эле.

Америкалык белгилүү журналист Сеймур Херш өткөн жылдын 21-августундагы Сириядагы химиялык чабуулду Дамаск бийликтери эмес, козголоңчулар ишке ашыргандыгы тууралуу айтылган макаласы жарык көргөн. АКШ менен Түркиянын расмий өкүлдөрү мындай ырастоону четке кагышкан.

Ал арада аналитиктер Херштин «Лондон китептер рецензиясы» деп аталган басмасындагы макаласында пайдаланылган булактарга ишенүү кыйын экендигин айтып чыгышты.

Бирок "Азаттык" менен маегинде Херш АКШнын Коргонуу жана чалгын агенттигинин 20-июндагы документтерине таянган өзүнүн макаласындагы божомолдордон кайтпай тургандыгын билдирди:

- Июнь айында беш, ошол жайдагы дагы 4-5 ички документтер чыккан. Аларда зарин газынын коркунучу, жана анын колдонулушу жөнүндө жазылган болду. Бул тууралуу АКШнын коомчулугуна беш колдой маалым.

Сеймур Херш.
Сеймур Херш.
​Журналисттин сөзү боюнча, ал документте америкалык чалгын агенттиги Сириядагы "ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Нусра" Майданынын куралчандары зарин газын чыгаруучу лабораторияга ээ экендигин жазган.

Мындан тышкары, бул документте «Түркия менен Сауд Аравияда жайгашкан тымызын топтор зарин жасоочу ондогон килограмм чийки затты алууга аракеттенип жаткандыгы, бул Сирияда зарин газын ири көлөмдө өндүрүү максатын көздөшү мүмкүн» экендиги айтылган.

Былтыр 21-августта Сириянын баш калаасынын чыгышындагы Гута деп аталган ооданында уулуу газ менен чабуулда жүздөгөн киши набыт болгон эле. Бул чабуулдан кийин Кошмо Штаттары Сирияга куралдуу интервенция болоорун айтып чыккан.

Бирок бат эле Барак Обама Сириянын президенти Башар ал-Асаддын армиясына каршы чабуул жасоо планынан баш тарткан. Көп өтпөй Орусия менен «Асаддын химиялык куралы эл аралык көзөмөлгө өткөрүлүп, жок кылынат» деген келишим жетишилген.

Херш аты аталбаган мурдагы чалгын кызматкерине шилтеме берип жазгандай, Орусиянын тыңчылары Гутанын жанынан заттарды алып кетип, текшеришкен, анализдин жыйынтыгы кийин Обамага британиялыктар аркылуу жеткен.

Херштин ырастоосунда, лабораториядагы текшерүүнүн жыйынтыгы химиялык чабуулду Асаддын өкмөтү уюштурган деген божомолго кайчы келген жана ошол себептен Обама Асадга каршы курал колдонуудан баш тарткан.

Макалада ошондой эле АКШнын куралды Ливиядан Түркия аркылуу Сириядагы козголоңчуларга тымызын жөнөтүп турганы, бул курал агымы 2012-жылдын 11-сентябрында Ливандагы АКШнын консулдугуна кол салуу болгондон кийин токтогондугу айтылган эле.

Аналитиктер Хершти Орусияга иштеген чалгынчылардын маалыматына таянгандыгын сынга алышууда.

Сирия, Алеппо. 9-апрель, 2014-жыл.
Сирия, Алеппо. 9-апрель, 2014-жыл.
Херш бул кинени четке кагып, анын макаласында сөз болгон лабораториялык анализдин чын-төгүнүн «алгач АКШга союздаш өлкө текшерип, анан ал Вашингтонго берилген» деп ырастады:

- Далилдер Орусиядан түз келген эмес, далилдер АКШга да Британиянын жогорку командачылыгына лабораториялык анализдер аркылуу келип, АКШнын президентине Башкы штабдын жетекчилери жиберген.

Сеймур Херш башка сыйлыктар менен катар, Вьетнамда америкалык аскерлер жүздөгөн жертиликтүү карапайым тургундарды кырган Мы Лай трагедиясы тууралуу 1970-жылдагы иликтөөсү үчүн атактуу Пулитцер сыйлыгын алган.

Акыркы жылдары ал Обаманын администрациясын катуу сындап келет. Өткөн жылы журналист АКШнын бийликтерин Усама бин Ладендин өлүмү тууралуу жалган айткан деп күнөөлөгөн эле.

XS
SM
MD
LG