Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

БУУ: Сирия тынчтык планын аткарган жок


Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өлкөдөгү кан төгүүнү токтотуу боюнча БУУнун жана Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын аткарбай жатканына терең камтамачылыгын билдирди. Ал эл жашаган аймактардан оор куралдар али чыгарылбай жатканын белгиледи.

Пан Ги Мундун айтымында, аны Сирияда кыянатчылыктар, адам өлтүрүү, анын ичинде эл жашаган райондордогу жардыруулар менен атышуулар али уланып жатканы жөнүндөгү маалыматтар “олуттуу кооптондурууда”.

БУУнун баш катчысынын мындай билдирүүсү Хама шаарында 26-апрелдеги ири жарылуудан кийин чыкты. Расмий Дамаск жардыруу үчүн жоопкерчиликти бомба жасаган “террорчуларга” жүктөп, андан он алты киши набыт болгонун белгиледи. Ал эми оппозиция активисттеринин ырастоосунда, эл жашаган имарат өкмөттүк күчтөр тарабынан аткыланып, элүүгө жакын кишинин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта Араб лигасы билдирүү таратуу менен БУУнун Коопсуздук кеңешин Сирияда жарандарды коргоо үчүн чукул чара көрүүүгө үндөдү. Лиганын жетекчиси Набил эл-Арабинин айтымында, ал БУУнун баш катчысына Сирияда байкоочуларды жайгаштырууну тездетүүгө чакырган кат да жолдоду:

- Ал катта мен Коопсуздук кеңеши буга чейин эле чечкен маселе – байкоочуларды жайгаштырууну тездетүүсүнүн зарылдыгын белгиледим. Бул токтоосуз ишке ашырылыш керек. Мен ошондой эле БУУнун азыр аймакта жүргөн байкоочуларын пайдаланууну сунуш кылдым. Мында байкоочулардын жайгашуусун созгудай жүйө болбойт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда ок атышуунун токтогондугун көзөмөлдөө үчүн жалпысынан 300 байкоочуну жиберүүнү чечкен. БУУнун маалыматына караганда, азыр болгону он бир байкоочу иштеп жатат. Байкоочулардын алгачкы жүзүнүн Сирияга кирип жайгашуусу үчүн бир айдай убакыт талап кылынат.

Анын үстүнө Коопсуздук кеңешинин мындан үч күн мурдагы отурумунда расмий Дамаск “Сириянын достору” тобуна мүчө өлкөлөр жиберүүчү байкоочуларды кабыл албай тургандыгын билдиргени айтылган.

“Сириянын достору” тобуна он төрт, анын ичинде АКШ, Британия, Франция, Сауд Аравия, Түркия, Катар кирет.

Бул өлкөлөрдүн баары он үч айга аяк баскан элдик толкундоо Сирияны жарандык согуштун босогосуна алып келди, нааразылыкты кан төгүү менен баскан президент Башар Асад эл алдындагы легитимдүлүүгүн жоготту жана бийликтен чегинүүсү керек деген турумда.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райстын айтымында, президент Башар Асаддын өкмөтү өзүнө алган милдеттемелерди орундата алган жок. Андыктан Коопсуздук кеңеши Дамаскка каршы санкцияларды карашы керек.

Ок атышуу токтоду делген 12-апрелден бери эки апта өткөнү менен кан төгүү уланып жаткандыктан Евробиримдик өз тарабынан Сирияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү чечимине келди. Расмий Дамасктын өнөгү Москва мындай кадамдарды сынга алды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич:

- Биз мурдагыдай эле мындай бир тараптуу санкциялык аркеттер тескери натыйжа берет деп эсептейбиз. Эл аралык коомчулукту Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын аракеттерин колдоого чакырабыз.

Батыш өлкөлөрүнөн болсо, эгер Сирия бийликтери Кофи Аннандын тынчтык планын аткарбаса, жаңыча чара көрүү керек деген сунуштар чыгууда.

Маселен Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе 26-апрелде буларды айткан:

- Эгер азыркы тынчтык план ишке ашпаса, Улуттар уюмунун уставынын 7- бөлүмүнө ылайык, биз өнөктөштөр арабызда сөз кыла баштаган жаңы баскычка өтүүгө, бул трагедияны токтотуу үчүн жаңы кадам жасоого туура келет.

БУУнун Уставынын 7-бөлүмүнүн кээ бир беренелери тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн аскер күчүн колдонууга мүмкүндүк берет.

Сирияда БУУнун эсебинде элдик толкундоо башталгандан бери тогуз миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG