Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Сириядагы элдешүү ара жолдо


Бириккен улуттар уюму колдогон тынчтык келишимдин шарты боюнча, Сирияда 10-апрелде шаарлардан аскерин чыгарып кетиши керек эле.

Ошондон кийин өкмөт оппозиция менен 48 сааттын ичинде ок атышууну токтотушмак. Бирок активисттер аскер чыгарылмак тургай, кан төгүү күч алганын айтышууда.

Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын бирдиктүү арачысы Кофи Аннан Сирия бийликтерин макулдаткан планы боюнча, 10-апрелге карата Сириянын армиясы шаарлардан чыгарылып, 12-апрелде элдешүү келишими толугу менен күчүнө кирмек.

Бирок активисттер өкмөттүк күчтөр 10-апрелде Сириянын борбордук аймагындагы Хама жана Хомс шаарларын аткылоону уланткандыгын билдиришти. Ал эми Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасакех дубанында алты аскер окко учканы кабарланууда.

Орусияда жүргөн Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем айрым аймактардан аскер чыгарылып, бир канча туткун бошотулганын билдирди. Бирок Муалем бул чараларга карабастан "куралданган террорист уюшмалар тарабынан зордукчулук күндөн күнгө күч алып жатат" деп ырастады.

Жекшембиде Сириянын өкмөтү "козголоңчулар ок атууну токтотуп, куралын тапшыраары тууралуу жазуу түрүндө милдеттенме алмайынча" аскерлерин шаарлардан чыгарбай тургандыгын жарыялаган.

Муаллемдин айтымында, расмий Дамаск Кофи Аннандан аскерлерге кол салган куралдуу топтор тынчтык планын аткараарына кепилдик сурап жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тынчтык планын аткарууда Сирия азыркыдан чечкиндүүрөөк болсо деген тилегин айтып, оппозициянын бардык мүчөлөрүн кызыкдар өлкөлөрдү ок атышууну дароо токтотуу үчүн өз таасирин колдонууга чакырды.

Анын аралыгында Бээжинде жүргөн Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Сирияны Түркиянын чек арасын бузду деп айыптады.

Дүйшөмбүдө Сирия күчтөрү Ливан жана Түркия менен чек араны аткылап, үч кишинин набыт болгону кабарланган. Курмандыктардын бири ливандык тележурналист болсо, берки экөө Түркиянын аймагына өтүп келаткан качкындар экендиги айтылууда.

Эрдоган эгер чек ара аймагы кайра аткыланса, "тийиштүү чара көрөөрүн" эскертти. Сириядагы кырдаалга байланыштуу Эрдоганды Кытайда жандап жүргөн тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Анкарага чукул кайтууда.

Түркияда Сириядан качкан 24 миңдей качкын бар, алардын саны өткөн жумадан бери кескин көбөйгөнү кабарланып жатат.

Кофи Анан шейшембиде Түркиядагы сириялык качкындарга учурашып, андан ары Тегеранда ирандык өкүлдөр менен сүйлөшүүгө жол тартууда.

Чек ара аймагындагы аткылоону Вашингтон айыптады.

"Сирия режиминин чек аралаш өлкөлөрдөгү качкындарды аткылоосун катуу айыптайбыз. Биз Сириянын режимин ок атууну дароо токтотууга чакырабыз. Кан төгүү азаймак тургай, акыркы күндөрү күч алып жатат", -деди Мамдепартаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Сириядагы кан төгүүнүн күч алышы тууралуу кабарларга кооптонуусун билдирди.

Сирияда жекшемби күнү 150 кишинин өлтүрүлгөнү айтылган. Алардын 50сү Хомско, 35и Хама шаарына туура келди.

Оппозициядагы Эркин Сирия армиясы Дамасктын жазуу жүзүндө кепилдик берүү талабын четке кагып, Кофи Аннанга берген убадасын аткара тургандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG