Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Августта ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет


Бул тууралуу өкмөттүн 24-февралдагы жыйынында белгилүү болду. Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Олег Панкратовго 12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигинин 18 техникалык регламентин иштетүү боюнча аракеттерди көрүүнү тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, техникалык регламенттердин тогузу экспорттоло турган азык-түлүк продукцияларына тиешелүү. Былтыр экспортту каржылоого 4 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл анын көлөмү 7 миллиард сомго көбөйөт:

- Айыл чарбасын каржылоо он пайызга жогорулайт. Мамлекет атайын программанын алкагында дыйкандарга үч жылга 6% менен насыя берет, - деди Жээнбеков.

12-февралда Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөрдөн кирген автоунааларды милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча жобо күчүнө кирген. Ага ылайык мындай машинелер атайын лабораториядан сертификат алышы шарт. Бирок Кыргызстанда тиешелүү лабораториянын жоктугу коомчулук арасында нааразылык жараткан. Өкмөт лаборатория эми куруларын айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG