Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Баткен: Акыйкатчынын өкүлү чек арадагы айылдарды кыдырды


Баткен
Баткен

Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 1-декабрдан баштап Тажикстан менен чектеш Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарын кыдырды.

Жергиликтүү калк менен жолугушууларда Акыйкатчы институтунун ролу, милдеттери жана иши тууралуу маалымат берилди. Анда ошондой эле чектеш аймактардагы көйгөйлүү укуктук маселелер боюнча суроолор берилип, зарыл учурда акыйкатчынын өкүлүнө байланышуу, кайрылуунун жол-жоболору айтылды.

Жолугушууларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, депутаттар, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, жергиликтүү активистер жана кызыкдар болгон тургундар катышты.

Акыйкатчы өкүлү менен жолугушууларды жергиликтүү бийлик менен калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткен филиалы ишке ашырды. (JsA)

XS
SM
MD
LG