Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

БУУ: Сирияда кайрадан уруш күчөдү


Сириянын Алеппо шаары
Сириянын Алеппо шаары

Алепподо өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын урушу уланып, шаарды бомбалоо кайрадан күчөдү. Жекшембинин кечинде Улуттар уюмунун Коопсузудк кеңеши Сириядагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулду. Батыш өлкөлөрүнүн элчилери Орусиянын аракетин катуу айыптап, АКШ эличиси аны атүгүл “ээнбаштык” деп атады.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жаңжалдын курчушуна камтамасын билдирсе, Британия, Франция жана АКШ чукул жыйын өткөрүүнү сунуш кылышкан. Акыркы эки күн бою Дамаск өкмөтүнүн армиясы менен козголоңчулардын айыгышкан салгылашуулары уланып, Алеппонун түндүгүндөгү качкындар лагери улам бир тарапка өтүп жатты. Жекшембиде Орусия авиациясынын колдоосу менен аскерлер аны өз көзөмөлүнө алышты.

Өлкөнүн мурдагы экономикалык борбору эсептелген экинчи ири калаага чабуул өткөн бейшембиде, бир жумадай созулган ок атышпоо келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин башталган.

Лондондо жайгашкан Сирия Обсерваториясы уюму тараткан маалыматка караганда, ишембидеги бомбалоодон Алепподо 45 киши, анын ичинде 10 бала набыт болду.

Кошмо Штаттардын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр Орусиянын Сириядагы аракеттерин “ээнбаштык” деп атап, Москва вето укугунан кыянат пайдаланып жатат деп айыптады.

- Орусия жана Башар Асаддын режими Алеппонун чыгыш бөлүгүн жана анда жашаган 275 миңдей калкына каршы абадан жана жерден масштабдуу чабуул башташканда биз Коопсуздук кеңешин чакырттык. Орусия жана Асад күчтөрү акыркы 72 сааттын ичинде 150дөн көп сокку урушканы маалымдалды. Бери дегенде 139 киши каза болду, көптөгөнү жараланды. Жакынкы Чыгыштын байыркы шаары урандыларга айланып калды. Беш жарым жылдан бери токтолбой келаткан согушта кандай гана азап чексе да жайкын жашоочулар бул соккуларды бардык жагынан алганда мурдагылар менен салыштырып болбойт дешет.

Саманта Пауэр.
Саманта Пауэр.

Пауэр ошондой эле бейпилдиктин ордуна Москва жана Асад согуштун отуна май тамызып жатышат, өмүрлөрдү сактап калчу жардамга жол ачуунун ордуна алар ооруканаларды, биринчи жардам берилчү жайларды бомбалап жатышат деп сындады.

Ага жооп кайтарып Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Вашингтон өздөрү колдогон козголоңчуларга таасир этүүгө кудуретсиз болуп жатканын, мындай кырдаалда Сирияда тынчтык орнотуу дээрлик мүмкүн болбой калганын белгиледи.

- Коалиция делген күчтөрдүн Дейр ал-Зор шаарын “Ислам мамлекетинин” террорчуларынан коргоп жаткан Сирия армиясынын турумдарын бомбалоосу буга чейин жетишилген макулдашууга кедергесин тийгизди. Ал террорчулар калааны өз колуна алышса, карапайым тургундарды кырышмак. Тилекке жараша, сириялык куралдуу күчтөр Орусия аскердик авиациясынын колдоосу менен андай трагедияга жеткирген жок. Албетте, бул окуя атышууларды токтотуу келишими үзгүлтүккө учурайт деген коркунуч да жараткан. Бирок Дамаск андай жагдайда үлгү алгыдай сабырдуулугун көргөздү.

Виталий Чуркин.
Виталий Чуркин.

Элчи сириялык аскерлер Алеппону террорчулардан тазалоого аракет көрүп жатышканын, бейкүнөө адамдар арасындагы чыгым аз экенин айтып, бирок Орусия күчтөрүнүн ал бомбалоого катышуусу тууралуу кеп кылган жок.

Чуркин калаадан чыгууну каалагандар үчүн гуманитардык коридор түзүлгөнүн, бирок көтөрүлүшчүлөр аны тороп жатышканын кошумчалады.

Ал тапта президент Башар Асадга каршы көтөрүлгөн отуз чакты топ Орусия бомбалоолорду токтотмоюн тынчтык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпасын билдиришти.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура өткөн бир нече күн дээрлик алты жылдан бери согушта жашап келаткан Сирия үчүн эң оор апталардан болгонуна басым жасады. Дээрлик эки миллион калктуу шаар кармаштар курчугандан кийин таза суусуз калды.

Сириянын Алеппо шаары.
Сириянын Алеппо шаары.

Де Мистура Коопсуздук кеңешин жума сайын 48 саатка урушту токтоттуруп, гуманитардык жардам, дары-дармек жеткирүү, оор жараат алгандарды эвакуциялоого шарт түзүү үчүн тараптарга кысым көргөзүүгө чакырды.

Ал тапта Кызыл чырым эл аралык комитети билдиргендей, жарым жылда биринчи жолу Сириянын камоодогу төрт шаарына жардам жеткирилди. Төрт жарым миллиондой киши жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашайт. 20-сентябрда БУУ жана Сириянын Кызыл жарым ай уюмунун жардам жеткирип бараткан кербени бомбалоого учурагандан кийин гуманитардык операция 48 саатка токтоп, өткөн бейшембиде жанданган. Аба соккусунан бери дегенде 20 киши, көбү ыктыярчылар набыт кеткен, 31 машиненин 18и талкаланып керектен чыгып калган.

XS
SM
MD
LG