Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияны талкуулады


Алепподогу жардыруудан кийин, 24-сентябрь, 2012
Алепподогу жардыруудан кийин, 24-сентябрь, 2012

Сирияда 18 айдан бери уланып жаткан кризис боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши жогорку даражада жыйын өткөрдү. Активисттер бул өлкөдө президент Башар ал-Асадга каршы нааразылык куралдуу кагылыштарга айлангандан бери 30 миңдей адам өлгөн дешет.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ушул күндөрдөгү Башкы ассамблеянын кезектеги талкууларынын алкагында өткөн жыйында Коопсуздук кеңешине “непада Сириядагы кризис боюнча мунаса табылбаса, жаңжал бүтүн регионго таркап кетиши мүмкүн” деп эскертти.

"Сириядагы конфликт эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн коркунуч жарата баштады, - деди баш катчы. - Түрмөлөрдөгү жабыктык, калктуу райондордун толук кыйрашы жана жаш балдардын оор салгылашууларга күбө болуп жатканыны адам трагедиясын толук сүрөттөп турат. Мен сөзү өтүмдүү, таасирлүү ким болбосун, урушуп жаткан тараптарга “бул кризис ок менен чечилбесин түшүндүргүлө” деп кайрылат элем".

Пан Ги Мун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы билдирүү учурунда, Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2012
Пан Ги Мун БУУнун Башкы Ассамблеясындагы билдирүү учурунда, Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2012
Сириядагы кризистен тынч чыгып кетүүгө көргөн аракеттери үчүн макталган Арап лигасынын башчысы Набил Элараби Улуттар уюмун маселени чечүү үчүн башка жолду кароого үндөдү.

"Сириядагы кризис күндөн-күнгө курчуп баратат. Жумурияттын өкмөтү кризисти күч менен гана чечүүгө басым жасап, өзүнүн элине каршы оор куралын, аскерий учактарын колдонуп, башка бүт сунуштарга, Арап лигасынын сунушуна да, жооп берүүдөн баш тартууда. Натыйжада азыр биз анын олуттуу, трагедиялуу кесепетин көрүп жатабыз", - деди ал.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо Кошмо Штаттары сириялыктарга жардам иретинде 100 млн. доллар бөлгөнүн айтты.

"Тилекке каршы Сирияда Башар ал-Асад бийликке жармашып алды. Анын зордукчул аракеттери гуманитардык кризисти жаратты. АКШ мындай акыбалда өлкөнүн элине жардам иретинде 100 млн. доллар берди, - деди мамкатчы. - Биз азыркы зордук-зобун токтотулуп, бийлик алмашуу процесси Асадсыз улантылышы керек деп жатабыз".

"Капитуляция реалдуу эмес"

Президент Асаддын зомбулугун токтотуш үчүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган үч резолюцияны тең Орусия менен Кытай добуш берүүдө өткөрбөй коюшкан.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров “Кризис Асад бийликтен кетсе гана чечилет” дегендин өзү “реалдуу эмес” деп билдирди.

"Бүгүн Араб дүйнөсүндөгү карама-каршылыктардын чордонунда Сириядагы кырдаал турат. Биз, Сириядагы өкмөтпү же куралчан козголоңчуларбы, айтор, ким болбосун, адам укугун же эл аралык нормаларды бузган зордукчул аракетке барса, аны айыптайбыз. Ошол эле маалда, азыр согуш токтобой жатканы үчүн жоопкерчилик Башар Асаддын эч кандай талапсыз бийликтен кетишин жактап, ага каршы козголоңчуларды куралын таштабоого үндөп жаткан мамлекеттерге да тагылат. Бул метод реалдуу эмес, - деди Лавров. - Анын үстүнө, куралчан оппозиция колдонуп жаткан террористтик методго да окшоп кетет".

Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус, тетирисинче, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши эмне үчүн азырга чейин унчукпай отурганы “такыр акылга сыйбайт” деп айтты.

Сирияда өкмөткө, президент Башар ал-Асадга каршы нааразылык толкуну былтыр мартта башталган. Кийинчерээк ал куралдуу кагылыштарга айланып, азырга чейин өлкөнүн ар кайсыл шаарларындагы атышуулар токтобой келатат.

Эл аралык коомчулуктун бул өлкөдө өкмөт менен куралчан оппозициянын ортосунда атышууну токтотуу үчүн көрүп жаткан аракеттеринен азырынча майнап боло элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG