Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Сирия козголоңуна бир жыл


Сирия -- Башар Асаддын режимине каршы чыккан демонстранттар. Идлиб шаарынын жака-бели, 2-март, 2012.

Сирия -- Башар Асаддын режимине каршы чыккан демонстранттар. Идлиб шаарынын жака-бели, 2-март, 2012.

Сирияда элдик козголоң тутанганына туура бир жыл толду. Улуттар уюмунун эсебинде, акыркы бир жылдан берки кагылыштардан 8000дей кишинин өмүрү кыйылды, 230 миңдей сириялык үй-жайын таштай качты. Козголоң качан жана кандай жагдайда аяктары азырына беймаалым болуп турат.

Тунис, Египет, Ливиядагы окуяларга шыктанган карапайым сириялыктардын чакан топтору былтыр 15-марттан тарта “Кыжырдануу күнү” деп аталган нааразылык акцияларына көбүрөөк эркиндик талап кылып чыга баштаган эле. Бара - бара мунун арты миңдеген сириялыктардын президент Башар Асаддын режими кулашын талап кылган демонстрацияларына айланды.

"Тиранияга каршы ыңкылап"

Бүгүн бир жылдан кийин Сириядагы окуялар араб дүйнөсүнүн эң кандуу жана узакка созулган козголоңу катары мүнөздөлүүдө. Бир катар шаарлар толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн камалоосунда турат. Калк жашаган кварталдардын таш-талканы чыкты.

Өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан эң көп жабыр тарткан Хомс шаарынан активист Абу Омар ал-Хомси бейшембиде массалык маалымат каражаттарына жолдогон кайрылуусунда буларга токтолду:

- Бул сөздүн чыныгы маанисиндеги ыңкылап. Эзүүгө, тиранияга, коррупцияга каршы ыңкылап. Биз активисттер, Сирия элинен багынбас бойдон калууну, көчөгө чыгууну улантууну, эркиндикке жана тиранды кулатууга чакырууну суранабыз. Мындан башка өтүнүчүбүз жок.

Хомс шаарынын Иншаат району аткылоолордон кийин. 9-март, 2012-жыл.

Хомс шаарынын Иншаат району аткылоолордон кийин. 9-март, 2012-жыл.

Улуттар уюму эсептегендей, 8000дей киши өмүрүнөн айрылып, чейрек миллиондой адам үй-жайынан безүүгө аргасыз болгондон тышкары сириялык оппозиция менен адам укугун коргоочу активисттердин ырастоосунда, миңдеген адамдар камакка алынды, көп сандагандары кыйноого кириптер болушту.

Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Сириядагы козголоңдун бир жылдыгын утурлай “Мен өлгүм келет” деген аталыштагы докладын чыгарды.

Докладдын авторлорунун бири Неил Сэммондс мындай дейт:

- Бул көрүнүштүн (кыйноолордун) бүткүл өлкө, коопсуздук мекемелери жана аскер күчтөрү арасында жайылгандыгы боюнча факт режим өз сакчыларын жана коопсуздук күчтөрүн кыйноолорду жүргүзүүгө шыктандырууда, буга багыт берүүдө жана эмне болуп жатканын билет деп жоромолдоого негиз берүүдө. Кыянатчылыктардын масштабы жана кыйноолордун кээ бир ыкмалары 1980-жылдары, президент Башар ал-Асаддын атасы бийликтер турган коркунучтуу күндөргө кайтарып жатат.

Былтыр 15-мартта тутанган козголоң сентябрь айына барып куралдуу көтөрүлүшкө айланганы белгилүү болду.

Өкмөттүк армиядан качкандар “Эркин Сирия армиясы” деген уюмга биригишип, Башар Асаддын күчтөрү менен кармашууда.

Идлиб шаары аткылоолордон соң. 11-март, 2012-жыл.

Идлиб шаары аткылоолордон соң. 11-март, 2012-жыл.

Бийлик аларды жана режимге каршы көтөрүлгөндөрдү “куралдуу террорчулар” деп атаса, “Эркин Сирия армиясынын” өкүлдөрү алардын башкы вазийпасы көчөгө чыккан демонстранттарды коргоо экендигин айтып келишет.

Азыр президент Асаддын оппоненттери ал бийликтен
эртеби - кечпи кулайт, маселе мунун качан болорунда гана калды деп эсептешкени менен дүйнө державалары Сирия кризисин жөндөөгө келгенде экиге бөлүнүп кетти.

Эл аралык кысым

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кан төгүүнү токтотуу боюнча негизинен Орусия менен Кытайдын каршылыгынан улам эки ирет резолюция кабыл алалбай койсо, Араб лигасынын байкоочулар миссиясынын иши да майнапсыз аяктады.

Узактан берки өнөктөшү Асадды эмес, “адилеттүүлүктү коргоп жатабыз” деген Орусия өз турумун сунушталган резолюциялар кыянатчылыктарды токтотууну бир тараптан, бийликтен гана талап кылганы, козголоңчулар буга милдеттендирилбегени менен түшүндүрүүдө.

Козголоңдун бир жылдыгына тушташ адам укугун коргоочу уюмдардын 200дөйүнүн башын бириктирген коалиция Орусия менен Кытайды БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия режимине кысым көргөзүүчү резолюциясын колдоого үндөдү.

Сирия кризиси АКШ президенти Барак Обама менен британ премьери Дэвид Камерондун шаршембиде Ак үйдө өткөн сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири болду. Барак Обама сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында буларды айтты:

- Биз азыр муктаждар үчүн гуманитардык жардам алууга көңүл буруп жатабыз. Режимге кысымды күчөтүүнү улантууну, эл аралык коомчулукту моблизациялоону, санкцияларды катаалдаштырууну, режимдин кирешесин кыркып, саясий, дипломатиялык, экономикалык жактан изоляциялоону макулдаштык.

Расмий Дамаскка каршы эл аралык изоляция күчөп бара жатканынын дагы бир белгиси – Сауд Аравия өз элчилигин жаап, дипломаттарын чыгарып кеткенин жарыялады. Эр-Рияд ошондой эле Асадга каршы күчтөргө жардам жана курал берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн эл аралык аракет көрүүгө чакырды.

Асад аман чыга алабы?

Тыштан интервенция болбогон шартта, айрым талдоочулар президент Асаддын бийликтен кулашына алып баруучу үч ыктымал жолду көргөзүшүүдө.

Алар: башаламандыктардан жана Сириянын мунай соодасына киргизилген санкциялардан улам экономиканын таптакыр сазга батышы, төңкөрүш же режимди армиянын жана бизнес элитанын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн таштап кетиши жана эки ири шаар: Дамаск менен Алепподо өкмөт көзөмөлүнүн жоголушу.

“Рейтер” агенттиги өз анализинде жазгандай, Башар Асад акыркы айларда ушул үч майданда тең сокку жеди, бирок алар аны бийликтен биротоло кулаткыдай кубатта болгон жок.

Сириядагы окуяларды “төмөнкү баскычтагы жарандык согуш “деп мүнөздөгөн талдоочулар Асад өлкө ичинде өзү өкүлү болгон алавит жамаатынан колдоо алып жатканын, башка азчылыктар, анын ичинде христиандар менен друздар негизинен сунни мусулмандары чогулган нааразылык кыймылына кошулуудан этияттанып турганын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG