Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

АКШ Сирия оппозициясына жардам бергенби?


Сириянын Дараа шаарындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышы, 2011-жылдын 8-апрели.
Сириянын Дараа шаарындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышы, 2011-жылдын 8-апрели.

Викиликс сайты "Вашингтон Пост" гезитине берген маалыматка ылайык, Кошмо Штаттары Сирияда оппозицияга жең астынан каржылык жардам көрсөткөн.

Документке ишенсек, 2006-жылдан бери АКШнын Мамдепартаменти Лондондо жайгашкан сателлит телеканалга 6 миллион доллардай акча жиберген. Бул тууралуу Сирияда демонстранттардын аскерлер менен кандуу кагылышуулары токтобой жаткан мезгилде маалым болууда.

Белгилүү америкалык гезит Вашингтон Сириянын оппозициясын каржылаган деп ырастады. "Вашингтон Постто" 18-апрелде жарыяланган отчетко караганда, Лондондон сателлит аркылуу эфирге чыгуучу Барада ТВге акыркы беш жылда Кошмо Штаттары 6 миллион доллар каражат бөлгөн.

Барада ТВ биринчи жолу 2009-жылы апрел айында обого чыккан. Бул канал акыркы кездери Сириянын президенти Башар ал-Асадга каршы өткөн айда башталган массалык демонстрацияларды үзбөй чагылдырып келатат.

Викиликстен алынган жашыруун дипломатиялык телеграммалардын буга чейин жарыяланбаган кийинкилерине шилтеме берип, бул гезит сириялык оппозицияга акча биринчи жолу президент Жорж Буштун тушунда, АКШнын Дамаск менен мамилеси сууп кеткен 2005-жылы жиберилген деп ырастайт. Ага ылайык, акча азыркы президент Барак Обаманын тушунда да ушул багытта «ага» берген. Ошол эле мезгилде Обаманын администрациясы Ассад менен кайра элдешүүнүн аракетин көрүп келатат.

Гезит боюнча, Кошмо Штаттары бүгүн да сириялык оппозиция топторуна каражат берип жатабы, жокпу, бул жагы анык эмес. Макалада айтылгандай, Мамлекеттик департамент жашыруун телеграммалардын мазмуну канчалык чын экендигин ырастап, же четке кагуудан баш тартты.

Сириядагы окуялар менен жакындан тааныш адамдар бул «ачылышка» ашкере деле таң калган жок. Бирок Швецарияда жашаган сириялык оппозициянын блоггери Халил Хабаш азыр мекенинде болуп жаткан толкундоолорго америкалык акчанын тийешеси жок деп эсептейт:

- Кошмо Штаттары бир топко, Барада ТВге жардам берип келгени таң калыштуу эмес. Бул телеканал "Мусулман агаиндери" уюмуна жакын турат. Бирок 2006-жылдан берки 6 миллион доллардын көбү алгачкы жылдары берилген. Сирияныкындай режимди кулатуу үчүн бул жарыбаган акча. Анын үстүнө алар өлкөдө эч кандай деле таасири жок чет жактагы уюмга жардам берип жатпайбы. Ал эми Сирияда "Мусулман агаиндерден" алыс нерсе, элдик көтөрүлүш болуп жатат.

Сириянын оппозициясы «Америкадан жардам алыптыр» деген жаманаттыдан алыс болууга тырышаары шексиз. Бирок Хабаш "Вашингтон Посттун" маалыматы оппозицияга кедерги тийгизбей койбойт деп эсептейт:

- Бул Сириядагы оппозиция, элдик козголуш үчүн жакшы жышаан эмес. Сириянын режими ансыз деле бул окуяларды чет элдик кийлигишүү, чет элдик кутум катары көрсөтүүгө далалаттанып жаткан. Ошондуктан, бул оппозициячыл кыймылдын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн.

Анын аралыгында, Сирияда кайрадан кан төгүлдү. Президент Ассаддын мындан дээрлик жарым кылым мурда киригизилген чукул абал эрежесин алып салам деген өткөн аптадагы убадасы элди тынчыта алган жок.

Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү өкмөттүк аскерлер Сириянын борбордук аймагындагы Хомс шаарында аз дегенде сегиз демонстрантты атып салышты. Бул шаарда бийликтеги Баас партиясына каршы демонстрацияларга камактагы уруу башчысынын өлүмү түрткү болгон эле.

Жекшембиде күбөлөр Хомс шаарына жакында Талбиссехте сөөктү көрүстөнгө алып бараткандарга коопсуздук күчтөрү ок ачкандыгын, натыйжада үч киши окко учуп, ондогон адам жараат алгандыгын билдиришти.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, Сириядагы март айынан берки толкундоолордо 200дөн ашык кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG