Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

АКШ: Сирияга кандай чара көрүлөт?


АКШ Сирияда өткөн аптадагы химиялык чабуулду өкмөтүк аскерлер жасаган деп, азыр эми ага кандай жооп кайтарууну ойлонуп турган чагы. “Азаттыктын” кабарчысы Хизер Махер болжолдуу сценарийлер кандай болушу мүмкүн экени жөнүндө ой жүгүрткөн.

АКШнын коргоо министри Чок Хейгел: “Эгер президент Барак Обама аскерий кийлигишүү жөнүндө чечим чыгарса, анда Американын аскер күчтөрү Сирияга чабуул койгонго даяр болушат”, - деди. Кошмо Штаттарындагы негизги маалымат агенттиктери чабуул жакынкы күндөрү болушу мүмкүндүгүн жаза башташты.

Хейгел Би-Би-Сиге сүйлөп: Азыр бир топ варианттар бар. АКШнын Коргоо департаменти аларды аткарууга даяр. Эгерде чабул болуп калса, ал эл аралык өнөктөштөрүбүз менен биргелешкен координацияланган чара болот, - деди Хейгел.

АКШ Сирияга чабуул кое турган болсо, ал кандайча ишке ашуусу мүмкүн?

Ак үйдөгү жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн бири 27-августта “Рейтер” агенттигине сүйлөп, азырынча президент эч кандай чечим кабыл ала электигин айтты.

Бирок NBC News телеканалы администрациядагы атын атабаган өкүлдөрдүн бирине шилтеме менен Сирияга абадан сокку уруу планы да каралып жатканын, ал алдыдагы “үч күндүн ичинде” болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Кошмо Штаттарынын Деңиз-аскер флоту Жер ортолук деңизде “Томахок” ракеталары бар Сирияга жакыныраак жайгашкан төрт аскерий кемесин жайгаштырган.

Барри Павел буга чейин президенттер Обама жана Буштун тушунда Улуттук коопсуздук кеңешинин коргонуу саясатын жетектеген. Азыр Атлантик кеңешинде иштейт. “Абадан сокку урулушу да мүмкүн”, - дейт ал.

"Азырынча мага жеткен эң эле ишенимдүүрөөк божомолго караганда, чабуул көбүрөөк абадан жасалышы жана ага түрдүү ракеталар колдонулушу мүмкүн. Сокку кайсы жерлерге, канча жолу жана кандай ылдамдык менен жасалышы анын максатына жараша президент армияга бере турган буйрукка жараша болот", - деди Павел.

Ак үй шейшембидеги билдирүүсүндө айткандай, азыр талкууга коюлуп жаткан варианттар Сирияда “режимди алмаштырууну көздөбөйт”.

Буга чейин НАТО Ливияга колдонгондой Сириянын аба мейкиндигин да “учууга болбой турган аймак” деп жарыялашы мүмкүнбү?

Сирияга чабуул коюлган күндө колдонулушу мүмкүн болгон АКШнын аскерий объектилеринин картасы
Сирияга чабуул коюлган күндө колдонулушу мүмкүн болгон АКШнын аскерий объектилеринин картасы
Чынында, Сириянын аба мейкиндигин көзөмөлгө алуу бир топ татаал болот. Сириянын аба күчтөрү Ливияныкына караганда алда канча татаал жана бакубат. Ак үй азырынча Американын учактары асманда атыла турган вариантты кароону каалабайт. Узакка созулган эки согуштан кийин бул дагы оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Американын Сирияга эң эле жакын жайгашкан учактары Түркияда. Перс булуңундагы жумурияттардын аймагынан асманга көтөрүлүү алар үчүн оңой болбойт. Анткени Иордания менен Ирак АКШнын учактарын өздөрүнүн аба мейкиндигине киргизишпей тургандыгын айтышкан.

Кошмо Штаттары 11 миң чакырымдан алыс жакка жете ала турган жана абадан коргонуу системасын айланып өтө ала турган B2 бомбалоочу аскерий учактарын колдонушу да мүмкүн.

Азырынча АКШда Сирияга аскерий чабуулду колдогон да, ага каршы да пикирлер айтылууда.

Чабуул болушу керек дегендердин негизги аргументи – алда качан эле дүйнө колдонууга тыюу салган химиялык куралды мындан ары эч ким колдонбошу керектигин ачык көрсөтүү. Атлантикалык кеңештин аналитиги Барри Павел “абадан сокку уруу менен АКШ Сирияда конфликт башталгандан бери биринчи жолу президент Асадга аны улантканга болбой турган белги бермек” дейт.

Бирок чабуулга каршы айтылып жаткан негизги ойлордун бири – АКШ башка бир оор кесепеттерге алып келчү согушка аралашып калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG