Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Бабанов: “Республика-Ата Журт” менен КСДПнын көз карашы окшош


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“Республика-Ата Журт” фракциясы эгер программасы колдоо тапса көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө барат. Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирди:

- Коалиция бекем болушу шарт жана андагы фракциялардын көз караштары бири-бирине шайкеш келиши абзел. Биз көтөрүп жүргөн маселелер КСДП фракциясынын позициясына окшош экенин байкап жүрсөңөр керек. Биздин фракция кардиналдуу реформаларды сунуштап келет. Эгер коалицияга кирчү фракциялар аны колдосо биз кошулабыз.

Былтыр 2-ноябрда «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта түзүлгөн коалиция 24-октябрда тараган. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгарын жарыялап, буга “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпөөчүлүктөр негиз болгонун билдирген.

Башкаруучу коалицияга КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG