Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Сербия президенти кийинки мөөнөткө барбасын билдирди


Александр Вучич (оңдо).
Александр Вучич (оңдо).

Улутчул президент Томислам Николич келаткан президенттик шайлоодо премьер-министр Александр Вучичтин талапкерлигин колдорун билдирди. 20-февралда Вучич менен сүйлөшүүдөн кийин Николич “биз биргелешип мамлекетти жетектөөнү макулдаштык”, деп билдирди.

Популисттик Прогресс партиясы апрелде өтчү президенттик шайлоого Вучичтин талапкерлигин 17-февралда көрсөткөн. Андан бир күндөн кийин тышкы иштер министри Ивица Дачич Социалисттик партия да Вучичти колдорун, президент Николичтин кийинки мөөнөткө барууга аракет кылбай коюшун белгилеген.

Бул жыйындардан кийин Николич жана Вучич биргелешкен билдирүү таратып, кризиске жол бербөө жана регионалдык маселелерди чечүү үчүн биригүүгө басым жасашкан. Бирок анда Николичтин кийинки мөөнөткө барбашы айтылган эмес болчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG