Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Сирия: жаңы план алаксытуу аракетиби?


АКШда Сирияга чабуулга каршы акция өттү, 9-сентябрь, 2013-жыл
АКШда Сирияга чабуулга каршы акция өттү, 9-сентябрь, 2013-жыл

Сирия өкмөтү химиялык куралынын баарын эл аралык көзөмөл алдына өткөрүп бериши керек деген сунушту АКШ этияттануу менен кубаттады. Орусия да колдогон жана демилгечи болгон бул сунуш эми АКШнын Сирия өкмөтүнө каршы ыктымал аскерий соккусун алдын алабы?

АКШнын Сирия өкмөтүнө каршы ыктымал аскерий соккусун алдын алуу максатында 9-сентябрда жарыяланган сунушту президент Барак Обама “оң багыттагы өнүгүү” деп атады.

Обама америкалык телеканалдарга курган маегинде айткандай, Сирия бийлиги химиялык куралын эл аралык көзөмөл астына бериши керек деген идеяны ал оболу орус президенти Владимир Путин менен "Чоң жыйырманын" Санкт-Петербургдагы саммити учурунда талкуулаган.

Бирок аталган сунушту сириялык режим убакытты созуучу тактика иретинде колдонушу да мүмкүн деген камтамачылык бар болгонун кошумчалаган АКШ президенти анын турмушка жарамдуулугун орус тарап менен сүйлөшүп көрүүнү мамлекеттик катчы Жон Керриге тапшырды:

Барак Обама Си Би Эс телеканалына интервью берүүдө. Ак үй, 9-сентябрь, 2013-жыл.
Барак Обама Си Би Эс телеканалына интервью берүүдө. Ак үй, 9-сентябрь, 2013-жыл.
- Менин бул жараянда көздөгөнүм - биз күбө болгондой химиялык куралдын ачык колдонулушу кайталанбай турганын кепилдөө. Эгер чынында эле муну дипломатиялык жол менен жасоого мүмкүндүк болсо, буга артыкчылык берем. Силер билгендей, мен Жон Керриге орустар менен түз сүйлөшүп, бул сунушту кылдат талкуулоону тапшырдым. Эгер биз дипломатиялык аракеттердин артында эл аралык коомчулук Сириянын химиялык куралын текшерип, көзөмөлдөгүдөй механизмдин формуласына жетсек, мен ушул тараптамын. Бирок биз мунун чоо-жайын билишибиз керек.

Барак Обама бул сөздөрдү америкалык мыйзамгерлер администрацияга Сирия өкмөтүнө каршы аскерий операция жүргүзүүгө уруксат берүү, же бербөө маселесин талкуулап жаткан кезде айтты.

Жаңы сунуштун чыгышынан улам АКШ Сенаты Сирия боюнча шаршембиге мерчемделген добуш берүүнү кийинкиге калтырды. Америкалык конгрессмендердин көпчүлүгү аскерий сокку 21-августта Сирия борбору Дамасктын чет жакасында химиялык курал колдонулганы үчүн туура жооп болоруна күмөн саноо билдиришкен.

Вашингтондун ырастоосунда, өкмөттүк күчтөрдүн андагы газ чабуулунан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Сирия өкмөтү болсо АКШнын химиялык курал колдонулду деген айыптоосун четке кагуу менен бул үчүн жоопкерчиликти козголоңчул күчтөргө жүктөп, алар Батыштын интервенциясын көздөгөнүн айтууда.

Сириянын Москвада жүргөн тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем 9-сентябрда химиялык куралды өткөрүү жөнүндөгү демилгени кубаттаган, бирок аны дароо эле кабыл алган эмес. Муаллем шейшембиде Мамлекеттик Думанын депутаттары менен кездешүүдөн кийин Сирия "АКШ агрессиясынын тамырын үзүү" үчүн Орусиянын демилгесине "макул болгонун" билдирди.

Сирияны мына ушундай кадамга барууга чакырган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөздөрүнө караганда, Москва азыр конкреттүү пландын үстүнөн иштеп жатат:

- Орусия тарап ишке жарамдуу, так жана конкреттүү планды даярдоо менен алектенүүдөбүз. Бул үчүн ушул мүнөттөрдө Сирия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул планды биз жакынкы убактарда берүүгө ниеттенүүдөбүз жана аны БУУнун баш катчысы, химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун жана Коопсуздук кеңешинин катышуусунда толуктап, иштегенге даяр болобуз.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жогорудагы идеяны колдоду. Кытай жана Иран да кубаттады. Ири өлкөлөрдөн Британия, Франция, Германия жалпысынан кубатташканы менен жаңы план алагды кылуучу тактика болуп калбайбы деген камтамачылыгын да айтышты.

Сирия бийлигине каршы аскерий чараны колдогон мамлекеттерден Франция тышкы иштер министри Лоран Фабиус француз радиосуна курган маегинде буларды айтты:

- Орустар эмне үчүн өзгөргөнүн билүү керек. Менимче мунун эки себеби бар. Биринчиден, биздин бекемдигибиз өз жемишин берүүдө. Экинчиден, алар химиялык курал колдонулганынын далили айныксыз болуп бара жатканын түшүнүүдө.

Француз тышкы иштер министри Париждеги басма сөз жыйында алар Коопсуздук кеңешине Сирияны химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө беришинин шарттары камтылган резолюцияны сунуш кыларын жана Дамаск ал куралдар жок кылынарына макул болушу керектигин кошумчалады.

Башар Асаддын режими менен күрөшүп жаткан Сирия оппозициясы болсо жаңы планды оң баалаган жок. Өз билдирүүсүндө аны убакытты созуучу жана адамдардын өлүмүн көбөйтүүчү “саясий маневр” деп атады. Сирия Улуттук коалициясынын пикиринде, “эл аралык мыйзамды бузууга талаптагыдай эл аралык жооп жасалышы абзел”.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG