Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Иранда кош жарандыгы бар профессор эркиндикке чыкты


Иранда профессор Хома Худфар түрмөдөн бошотулду. Иран жана Канаданын жарандыгын алган Монреалдагы Конкордия университетинин профессору Канадага алып келинди.

Иран Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Касеми “канадалык окуу жайдын профессору Хома Худфарга Иранда бир катар айыптагылган. Ал оорусуна байланыштуу, гумандуу чечимден кийин бошотулуп, Оман аркылуу Канадага чыгып кетти” деп билдирди жергиликтүү агенттиктерге.

Худфар айым күйөөсү өлгөнүнө байланыштуу март айында Иранга келген. Ошондон кийин ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Профессордун үй-бүлө мүчөлөрү ал Тегерандагы Эвин абагына камалганын айтышкан.

Акыркы бир нече айларда Иран менен бирге АКШ, Британия жана Франция жарандыгын алган бир нече адамдар камалып, бийликтин басымына кабылган.

XS
SM
MD
LG