Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Сирияны күнөөлөгөндөрдүн катары өстү


"Эркин Сирия" армиясынын жоокери Барак Обаманын кайрылуусун көрүп жатат
"Эркин Сирия" армиясынын жоокери Барак Обаманын кайрылуусун көрүп жатат

Орусия Жер ортолук деңизинин чыгыш тарабына деңиздин борборунан эки баллистикалык "объект" атылганын билдиргенден кийин Израил АКШ менен бирдикте ракета сынаганын моюнга алды.

Ал арада Франция Сирияда химиялык кол салууну Сириянын өкмөтү гана ишке ашырган болушу мүмкүн деген билдирүү таркатты.

Сирияда өкмөт Дамасктын чет жакасында химиялык курал колдонуп, жүздөгөн кишинин канына забын болгон деген кабардан улам, бул өлкөгө АКШнын чабуул жасоо коркунучу күч алды. Ушул кырдаалда Франциянын чалгын кызматтары Сирияда 21-августтагы химиялык кол салуу кеңири масштабда болгондугун жана аны Сириянын өкмөтү гана ишке ашырган болушу мүмкүндүгүн айтып чыкты.

Отчет менен өкмөт башчысы Жан Марк Эро парламентте тааныштырды. Бирок Франция эл аралык коалициянын чегинде гана чара көрүшү мүмкүн экендигин эскертти:

Франциянын өз бетинче аракеттениши тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Республиканын президенти азыр мүмкүн болушунча тез арада коалиция түзүүнүн аракетинде болуп жатат. Франция бул максатты туура көрөт, себеби Франция эл аралык мыйзамды урматтоо жобосун колдойт.

Вашингтондо Ак үйдө өткөн пресс-конференцияда сенатор Жон Маккейн Конгресстин колдоосун алам десе, президент Барак Обама Башар ал-Асадга каршы согуштук операциянын зарылдыгын ишенимдүү далилдеп бериши керектигин билдирди. Ал ошондой эле эгер Конгресс мындай операцияга каршы болсо, бул «катастрофага» тете болорун белгиледи:

АКШнын президенти мындай чабуулду жактап чыккандан кийин, эми Конгресс андай резолюцияга каршы чыкса, АКШнын шериктери арасындагы ишенимине доо кетет. Мунун кесепети азыркы президентке гана эмес, келечектеги президентке да тиет.

Обама Сирияга интервенция жасоону маселе Конгрессте каралганга чейин кийинкиге калтырган. Конгрессте бул суроо эң эрте дегенде 9-сентябрда колго салынышы мүмкүн. Мындай операцияга уруксат берүү тууралуу талкуу Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинде 3-сентябрга белгиленген. Анда коргонуу катчысы Чак Хэйгел менен мамлекеттик катчы Жон Керри көрсөтмө берүүдө.

Асад "химиялык чабуул жасаган эмесмин" деп ырастоодо. Дүйшөмбүдө Франциядагы "Ле Фигаро" гезитинде жарык көргөн маегинде Сириянын президенти Жакынкы Чыгыш ок-дарынын кампасындай кооптуу аймак экендигин белгилеп, Сирияга кол салуу бүт Жакынкы Чыгышты астын-үстүн кыларын эскертти.

Ал арада Израил Жер ортолук деңизинде АКШ менен бирдикте ракета сынаганын бышыктады. Мунун алдында Сириянын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн аймагына ракета түшпөгөнүн айткан эле. Ал эми Орусиянын мамлекеттик РИА НОВОСТИ кабар агенттиги сириялык булакка шилтеме берип, ракета деп болжолдонгон объект Жер ортолук деңизине кулап түшкөндүгүн жазды.

Ал арада Ирандын мурдагы президент Рафсанжанинин химиялык чабуул үчүн Сириянын бийлигин күнөөлөгөнү аныкталды.

"Сириянын элин өз өкмөтү химиялык чабуулга дуушар кылууда. Эми эл америкалык бомбалардын жаашын күтүп жатат", - деген экен Рафсанжани өткөн аптанын соңунда Мазандаран ооданында сүйлөгөн сөзүндө. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги экс-президенттин сөзү бурмаланды деп ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG