Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Бишкек-Ош жолуна убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүгө байланыштуу бардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 06.00дөн тарта “Сосновка” өткөрмө бекетинде чектөө киргизилди.

Кечээ Чычкан капчыгайында таңга маал кар көчкү түшкөн. Маалыматка ылайык, 7 200 метр куб көлөмдөгү көчкүдөн улам жол убактылуу жабылган. Өлкөдөгү кар көчкүлөрүнүн күчөшүнөн улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG