Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Сирия: согушуп жаткандар бир үстөлдө


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун (ортодо) конференцияны ачып жаткан учуру, 22-январь, 2014
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун (ортодо) конференцияны ачып жаткан учуру, 22-январь, 2014

Швейцариянын Монтрё шаарында Сирия боюнча эл аралык конференция башталды. Ага Сирия өкмөтүнөн расмий өкүлдөр менен Батыш колдогон байистүү оппозициялык коалиция катышууда.

Конференцияны ачып жатып, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бул конференцияда талкуулана турган маселелер “аябай оор” экенин, ошентсе да, жыйын “мүмкүнчүлүктөрдү” берип жатканын белгиледи.

“Женева-2” деп аталып жаткан бул конференциянын өзгөчөлүгү – Сирияда дээрлик үч жыл мурда атышуулар башталгандан бери алгачкы жолу өкмөт менен оппозиция бир үстөлгө отуруп, кризисти талкуулаганы жатканында.

Конференция бир нече күндөн кийин Женевада улантылат. Ага азыр Орусия менен АКШны кошкондо, жалпысынан 40 мамлекеттин делегаттары катышууда.

Ирандын президенти Хасан Роухани шаршембиде бул конференциянын ийгилигине анчейин ишенбей турганын айтты, анткени “ага террористтердин айрым колдоочулары да катышып жатышат” деп билет.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф
Иран бул билдирүүсүн Швейцариянын башка бир шаары Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумга жөнөп жатып жасады. Соңку күндөрү Ирандын Сирия боюнча конференцияга катышар-катышпасы чоң дипломатиялык талаштарды жараткан эле. Конференцияга бир күн калганда Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Иранга жиберилген чакырууну кайтарып алган болчу.

Окуяны комментарийлеп, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Бириккен улуттар уюмунун чакыруусу олуттуу мүнөзгө ээ болбогонун, Иран ага болгону тышкы иштер министринин орун басарын гана жибергени жатканын айтты.

- Биз эки нерседен көңүлүбүз калып турат. Биринчиден, Пан Ги Мун мырза өзүнө жасалган басымдын айынан өзү жиберген чакырууну кайтарып алды. Биз ошол чакыруунун негизинде гана бармакпыз жана ал өтө кеч келгендиктен, делегация министрдин деңгээлинде болмок эмес. Эгер чын дилден чакырышканда биз тышкы иштер министрдин орун басарын жибермекпиз, - деди Зариф.

Тегеран Сириядагы режимге согуштук курал-жарак берип, колдоп келе жатканын эске алуу менен АКШ жана Сирия оппозициясы бул конференцияга Ирандын катышуусуна каршы болуп келишкен.

Конференцияга президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан экстремист козголоңчулар менен “ал-Каида” террор уюмуна туташ топтордун өкүлдөрү да чакырылган эмес.

Жыйындын алдынан тынчтык конференциясына даярдыктардын жүрүшү тууралуу АКШнын президенти Барак Обама телефон аркылуу орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнү да кабарланды.

Орусия Сириядагы режимди колдойт, ал арада АКШ байистүү козголоңчуларга жардам көрсөтүп келатат. Бирок Орусия да, АКШ да согушуп жаткан тараптарды Бириккен улуттар уюмунун жеетекчилиги астында өтө турган конференцияга сөзсүз катышууга үндөп келишкен.

Вашингтондо президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Обама менен Путин Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу үчүн жасалып жаткан аракеттерди да талкуулашты.

Кремль болсо телефон сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу эч кандай кеңири маалымат берген жок. Болгону ал “конструктивдүү” өткөнүн гана белгиледи.

Сириядагы тынчтык боюнча конференциянын алдынан эл аралык согуш кылмыштары боюнча прокурорлор жарыялаган документтер да талкуунун мүнөзүнө таасир этпей койбойт деп жатышат. Прокурорлор Сириядагы бийликтер түрмөлөрдөгү 11 миңдей кишини адам чыдагыс азапка салып кыйнап, өлтүргөнү тууралуу сүрөттөрдү жарыялашкан.

Муну прокурорлор “Асаддын режиминин согуш кылмыштарына барганын ачык, тикелей көрсөткөн алгачкы далил” деп аташты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG