Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

СИРИЗАнын жеңиши - Ципрастын ийгилиги


Алексис Ципрас
Алексис Ципрас

Грециядагы кезексиз парламенттик шайлоодо кайрадан солчул СИРИЗА партиясы жеңди. Жекшемби күнкү шайлоодо алар 35,47% добуш алышты.

СИРИЗАнын төрагасы жана мурдагы премьер-министр Алексис Ципрастын алдында жаңы курама өкмөттү түзгөндөн башка дагы Евробиримдик менен финансылык жардамды алуунун шартын сүйлөшүү милдети турат.

Ырасмий маалымдалгандай, СИРИЗА 300 орундуу грек парламентинде 145 мандатка ээ болот. Шайлоодо 28% добуш алган консервативдүү "Жаңы демократия" партиясына 75 орун, оңчул “Алтын таң” партиясына 18 жана коммунисттерге 15 орун тиет. Алардан тышкары жаңы парламентке дагы үч партия кирет.

Туристтик фирмада эмгектенген Фотини Диакомиди деген аялдын айтымында, көпчүлүк Ципраска сөзүн өтөсүнө чыкканга кайра бир мүмкүнчүлүк берүүдө:

- Баарыбыз, анын ичинде мен СИРИЗАга добуш бердик. Себеби башка добуш берчү партия жок. Бөлөк баарын буга чейин сынап көрдүк. СИРИЗА ишке умтулуп турат. Мен экс-премьер-министр, СИРИЗАнын лидери Алексис Ципрас жасаганындан көп иш бүткөрөт деп ойлобойм. Эл ага дагы бир мүмкүнчүлүк берди...

20-сентябрдагы шайлоо акыркы алты жылдагы бешинчи, үстүбүздөгү жылкы үчүнчү парламенттик шайлоо болду. Ага элдин 55% гана катышты.

Бул СИРИЗАнын лидери Алексис Ципрастын быйылкы үчүнчү жеңиши. Ал башындагы солчул партия өткөн жолкудан төрт мандат көп алды. Бирок партия парламентте көпчүлүктү түзбөйт. Ошого мурдагы Ципрас жаңы өкмөттү мурдагы саясый өнөктөшү - 10 мандаттуу “Эрктүү гректер” партиясы менен чогуу курат. Оңчул партиянын жетекчиси Панос Камменос эки партия катаал реформа жүргүзүп, экономиканы стабилдүү жолго салат деп ишенет.

Ципрас 20-сентябрда түн ортосуна чукул өзү башындагы партиянын жеңиши жөнүндө уккандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы ал жүргүзгөн саясатты көпчүлүк эл колдогонун күбөлөйт деди:

- Биз катаал жана оор салгылашта жеңдик жана мен туура жолдо экенимди түшүндүм. Анткени грек эли бизге өлкө ичинде жана сыртында күрөштү улантуу жана элдин ар-намысын колдоо үчүн айкын мандат беришти.

Шайлоо өнөктүгү кезде Ципрас тышкы кредиторлор менен насыя шарты боюнча келишимге кол коюусун туура деп түшүндүргөнгө аракет кылып жатты. Афины 86 миллиард евро кредитти алуу үчүн катаал реформа жүргүзүп, пенсиялар менен эмгек акыларды азайтуусу жана өкмөттүк мекеме-ишканалардагы жумуш орундарын кыскартууга макул деген. Алдагы насыянын чоң бөлүгү Ципраска чейинки өкмөттөрдүн борчун төлөөгө кетет.

Алексис Ципрас элдин мандаты мага коррупция менен бийликтеги төрт жылда аёосуз күрөшкөнгө жана Афины өзү оң көргөн экономикалык саясатты жүргүзгөнгө укук берди деп билет.

- Бүгүн Европада Греция жана грек эли каршылык көрсөтүүнүн жана ар-намыстын синоними. Бул күрөш толук төрт жыл уланат, себеби бул мандатты биз төрт жылга алдык.

Ал өткөн шайлоо алдында убада кылгандай, эл аралык кредиторлор менен насыяны жеңил шартта алганды сүйлөшө алган эмес. Андан улам СИРИЗАнын 40 депутаты партиядан чыгып, өлкө кезексиз шайлоого барганга аргасыз болгон. СИРИЗАдан бөлүнүп чыккан солчул топ жаңы парламентке илинбей калды.

Циприс жаңы курама өкмөттү түзгөн соң Евробиримдикти финансылык жардамдын келерки бөлүгүн саалгытпай бергенге жана реформанын планын колдогонго көндүрүү абзел. Биримдик Грецияны качкындар агымын иретке салууну талап кылары жана Ципрасты бул жаатта бир катар чараларга барууга түртөрү айкын. Бул эки милдеттин эң татаалы: элди көп кыйнабаган жол менен экономиканы реформалоо. Мындай жүктү акыркы алты жылда беш өкмөт ордунан козголто албаган.

XS
SM
MD
LG