Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Обама ИМге каршы күрөштө Түркияны Ирак менен кызматташууга чакырды


АКШнын президенти Барак Обама менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
АКШнын президенти Барак Обама менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Президент Барак Обама президент Режеп Тайып Эрдоганды “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөштө Ирак менен Түркиянын күчүн координациялоого чакырды.

Обама менен Эрдоган телефондон сүйлөшкөндө экстремисттик уюмдун согушкерлерине каршы күрөштү талкуулашты.

Ак үйдөн кабарлашкандай, эки лидер Ирактын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн колдоо тууралуу сөз кылышты.

Обама “Ирак менен Түркия ортосунда уланып жаткан диалогду” кубаттайт. Ошону менен катар ал Түркияга “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөштө Сирия оппозициясына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

АКШнын президенти америкалык жана түркиялык аскерлердин кызматташуусун колдорун айтты.

XS
SM
MD
LG