Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Мургабдагы күн чырак


Мургабдыктар жайында да от тамызып, ушундай мешке тамак жасашат. Ыраң-Көл айылы.

Мургабдыктар жайында да от тамызып, ушундай мешке тамак жасашат. Ыраң-Көл айылы.

Тоосу бийик, абасы суюк, жумуш жок, отун аз, азык кымбат... Кыргыз илгертеден жердеген Мургабдын көйгөйлөр тизмесин далайга узарта берсе болот. Жайы аптап, кышы кайыктырган суук сарыколдук памир кыргыздарына бирок, Кыргызстанда бийлик да, жарандык коом да далысын салып келет. Ошол эле мезгилде мында башка мамлекеттерден гуманитардык уюмдар көп жылдардан бери иштеп келатышат.

Мургаб шаары дөөдөй бодурала боз-чаңгыл зор тоолордун боорунда, тектир-тектир болуп, өйдөдөн ылдый жайылып жатат. Шаарчада бир да бакты көрө албайсыз, чатырсыз үйлөрдүн арасында сансыз устундар гана соройот. Өйдөрөөктө боз үйдөй бадырайган чоң үй жумурткадай томпоюп, дароо көзгө урунат. Бул жөнөкөй үй эмес, ал кирпичтен салынып, пешайваны бар, ал тургай МУРГАБ ҮЙ деген аты да бар.


Бул жерди мага ушул үйдө жайгашкан чет элдик уюмдун өкүлү Сүйүнтбек Тажидинов көргөздү. Бир карасаң боз үй, ичинде айнек капталган түндүгүн сегиз түркүк тиреп турат:

Сүйүнтбек Тажидинов: Мургабдын жергиликтүү тажик калкы менен кыргыз калкы жашайт. Эки улуттун достугу бекемделиш үчүн салынган. Сыртынан карасаңыз боз үй, ичине кирсеңиз памирликтердин үйлөрүнүн элементтери бар. Памирликтердин үйүндө жети жерде тирөөч-түркүк бар, бирок тоголок эмес, жети чарчы болуп турат.

Сүйүнтбек Мургабда франциялык АКТЕД (ACTED) уюмунун жакыр бүлөлөрдүн үйлөрүн жылуулаган долбоорун жетектейт. Кышкысын кара суук 40-50 градуска жеткен аймакта бул өтө актуалдуу маселе.

Сүйүтбек Тажидинов: Бул үйлөр жылуу болсун үчүн өзүбүздүн жергиликтүү ресурстарды колдонуп, саман кирпич куюп, дубалын бир метр калыңдыкта салганбыз. Чет элдик технология колдонгон жокпуз.

Мургаб шаарындагы үйдүн короосунун көрүнүшү

Мургаб шаарындагы үйдүн короосунун көрүнүшү

Мургаб көп жылдардан бери туруктуу энергетикалык кризистин кучагында. Жети миң киши жашаган шаарда жайдын күнү да жарык улам өчөт, күйсө да күчү жок, үйдүн ичи күңүрт болуп турат. Кыш сегиз-тогуз айга созулган аймакта көпчүлүк терскен жагып аш бышырып, үй жылытат.

Сүйүнтбек Тажидинов: Биз колдогон үйлөргө терезеси эки кат жыгач терезелерди салдырдык. Эл өздөрү куруп алса болот, кыйын эч нерсеси жок. Күн чыгыш жагынан веранда салынган, ички бөлмөгө жылуулук берип турат.

Мургабда өкмөттүн бийик тоолуу райондорго карата атайын саясаты бар, пенсияга эрте чыгаруу өңдөнгөң айрым жеңилдиктер каралган. Өкмөттөн тышкары Ага Хандын Тоолуу Аймактардын өнүгүшүн колдоо программасы (MSDSP - Mountain Societies Development Support Programme (Aga Khan ) иш жүргүзөт. Кийинки кездери Германиялык ГТЦ же Техникалык жардам кызматташтык уюму активдешти. Көбү жергиликтүү элдин экономикалык өз алдынчалык камсыздоочу мал чарбачылык, анан туризм, кызмат көрсөтүү өндөнгөн тармактарга кол кабыш көрсөтүшөт.

Мургабда интернет байланышы өтө начар, интернет түйүндөрү да жокко эсе. Алардын бири "Мургаб үйдө" жайгашкан. Мында интернет курсу бар, туризм, кол өнөрчүлүк, англис тили боюнча бир канча долбоор иштейт.

Айлык төлөнгөн жумуш орундары дээрлик болбогон аймакта суздук эл мал багып, анан майда соода-сатык менен жан багат. Бүткүл СССРдин аймагында эң бийик шаар болгон Мургабда советтик доордо Ош-Хорог-Дүйшөмбүнү Мургаб аркылуу бириктирген айтылуу Памир Тракты курулуп, шаарда советтик, кийин орус армиясы турган. Орус аскерлери 2005-жылы чыгарылып кеткенден кийин, экономикалык кырдаал дагы оордоду, ал эми армиянын барактары талкаланып, терезелери жок бүгүн аңгырап бош турат.

АКТЕД уюму Хорогдон жасатып келген кош катар жылууланган терезеге бардыгынын эле чөнтөгү туруштук бере бербейт. Үлгүлүү МУРГАБ ҮЙүнүн так маңдайында ак калпакчан киши дубалы толук бүтө элек үйүнө кадимки эле бир кабат, арзан терезе орнотуп жатты. АКТЕДдин Мургабдагы өкүлү мага мына ошол терезени, тамак өзү эле быша бере турган сыйкырдуу баштыкты, табы жакшы сакталган мешти, дагы башка тоолуктар үчүн өтө керектүү оокат кечектерди көрсөттү.

Сүйүнтбек Тажидинов сарамжалдуу "Вулкан" мешин көрсөтүүдө

Сүйүнтбек Тажидинов сарамжалдуу "Вулкан" мешин көрсөтүүдө

Тажидинов: Алты көздүү, эки кат, айнек пакет алты жүз элүү сомони же болбосо доллар менен айтканда жүз элүү доллар турган бул терезени Хорогдон сатып келдик. Бул термо сумка. Таш кордо сыяктуу тамагыңыз бир аз чийки калган болсо демдеп жаап коёсуз, бир айылдан экинчи айылга жеткиче бышып калат. Кадимки эле кездемеден жасалган, ичинде термозоль деген атайын зат бар, ысыкты жакшы кармайт. Бул «Вулкан» деген меш, “Жазет” деген уюм жасап атат, аз отунга көп тамак бышат. Атайын технология, ысыкты аябай көпкө кармайт. 150-200 доллар турат, муну да Тоолуу-Бадахшандын борбору Хорогдон алып келебиз. Жети айылда жетишпеген үй-бүлөлөргө ушул мешти коюп, пол, шыбын жасап, терезе айнек салып жылуулап бердик.

Мургабчылар суукка да, турмуш каатчылыгына да чыдамдуу эл, бирок оорчулуктун айынан айрыкча жаштар арасында чет жактарга чыгып кеткендер көп. Ар түрдүү эсептер боюнча, эгер 20 жыл мурда Мургабдын эли 20 миң деп саналса, азыр 17, ал эми пессимисттик эсеп боюнча, 12 миңдей киши калган. Бир тобу Кыргызстанга жер которгон. Бирок Кыргызстандан бул аймакка жардам дээрлик жокко эсе. Дүйшөмбүдөгү элчилик гана кээде журтташтар менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Бишкектеги Эмгек жана миграция министрлигинин кайрылмандар үчүн жооп берген департаменти былтыр Мургаб менен Жерге-Талга (Тажикстандагы дагы бир кыргыз аймагы) 5600 китеп жеткирген. Аталган департаменттин мурдагы кызматкери атын атабоону суранып "Азаттыкка" айтканына караганда, кыргыз бийликтери Тажикстандагы кыргыздарга үзүлүп түшүп жардам бергиси келбейт, себеби бул коңшу өлкөнүн ишине кийлигишүүдөн жалтанат.

Ошол эле мезгилде АКТЕД, Ага Хан кору сыяктуу эле, кыргызстандык жарандык коомдун өкүлдөрү тажикстандык кыргыз аймактарынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтө алышмак.

"Kүн чырак" аталган күн бататеясы (сүрөттө солдогу үйдүн үстүндө) бир-эки лампочканы бүлбүл-жандырганга жетет. Перманенттик энергетика кризиси өкүм сүргөн Мургабда ошол да көздөн учкан оокат. Ыраң-Көл айлынан көрүнүш.

"Kүн чырак" аталган күн бататеясы (сүрөттө солдогу үйдүн үстүндө) бир-эки лампочканы бүлбүл-жандырганга жетет. Перманенттик энергетика кризиси өкүм сүргөн Мургабда ошол да көздөн учкан оокат. Ыраң-Көл айлынан көрүнүш.

Тилекке каршы мындай уюмдардан бирөө гана бар: “Кыргыз аты” коому былтыр Мургаб, Аличур, Раңкөл ооруканаларына күн батареясын орнотууга жардамдашты.

Бул уюм Мургабда эл аралык туризм чөйрөсүндө улам кеңири таанымал болуп келаткан “Ат чабыш” фестивалын да өткөрүп келет. “Кыргыз аты” ошондой эле туристтик маалымат борборун ачып, жеке мейманканаларды иштетүүгө көмөктөшөт.
Уюмдун жетекчиси Жаклин Рипардын айтымында, Кыргызстан тарап биринчи кезекте электр энергиясы менен камсыздоону колго ала алмак, бул жаатта мургабдыктар биринчи кезекте жаңы технологияларды колдонуу боюнча илим-билимге муктаж:

Жаклин Рипар: Мургабдыктарга Бишкектен адис келип, суу чыгарганга жардам берсе болот. Аларда суу жок, кудук казып, суу чыгарышат. Бишкектен же Мургабдан ошондой адистер келип, элге үйрөтсө, күндүн, шамалдын энергиясын колдонсо максатка ылайык болмок. Эки жыл мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Мургабга бир канча эң жөнөкөй күн батареяларын алып келген эле, бүгүнгө чейин пайдаланып жүрүшөт. Ушул жол менен Мургабда энергетиканы өнүктүрүш мүмкүн.

Гидроэлектр бекеттери көп инвестицияны талап кылат, ал эми Мургабда күн жайы-кышы жаркырап тийип турат. Сүйүнтбек Тажидиновдун айтымында, АКТЕД уюму ушул жаатта айрым иштерди жүргүзгөнү менен, тажик өкмөтү убада кылган Суу-электр бекетин куруп берсе дегенде элдин эки көзү төрт экен.

​Мургабдан кеткендер көп болгон менен, соңку сурамжылоолордун биринде, калктын 60 пайыздан ашыгы киндик каны тамган Памирде калууну каалай тургандыгы аныкталган.

Мына ушул алыскы шаарчадагы көздүн жоосун алган "Мургаб үйүн" кыдырып чыккан соң, Сүйүнтбек менен аркы-теркини сүйлөшүп туруп, жылуу кош айтыштык.

Сүйүнбек Тажидинов: Тажикстандын өкмөтү берген жардамы албетте АКТЕДдин жардамынан ашып түшөт. АКТЕДдики мисалы эки жылдык бир долбоорубуз жүз миң доллар болду. Мамлекет жакшы карап атат, арзандатылган көмүр алып келип, бей-бечара бүлөлөргө арзан баада сатат, гуманитардык жардам келип турат, мамлекет тарабынан, донордук жардам келип атат. Мамлекеттин жардамы көп, айлыгы, пенсиясы бар...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG