Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Жакында Тажикстандын Куляб шаарындагы ооруканаларга жүзгө чукул аял тери оорусу менен кайрылды.

Алардын дээрлик баарынын денесинде кычыштырган, майда бүдүрлөр пайда болгон. Дарыгерлер оорунун сырын синтетика кездемеден жасалган хижабдан көрүп жатышат.Бирок эл ичинде проблеманын төркүнү хижабда эмес, жөнөкөй гана тазалыкта болушу мүмкүн деген да пикирлер айтылууда.

Тажик бийлиги аялдардын чүмкөнүп, хижаб кийип жүрүүсүн жактыра бербейт. Өлкөдө ислам дини менен келген паранжаны мектепте, жумуш ордунда кийип жүрүүгө тыюу салынган. Ал гана эмес паспортко дагы хижабчан сүрөткө түшүүгө уруксат берилген эмес. Бул жолу дагы көп сандагы аялдардын тери оорусуна кабылышы кайрадан хижаб маселесине кайрылууга түрткү болду.

Тажикстандын түштүк тарабындагы Куляб шаарында доктурлар тери оорусу менен кайрылган жүзгө чукул аялды дарылашкан. Алардын дээрлик бардыгынын мойнунда, колдорунда катуу кычыштырган бүдүрлөр пайда болуп, терини ириңдетип жиберген.

Кулябдагы аймактык оорукананын башчысы Алихон Муродов оорунун окшош белгилери менен бир эле убакта мынча көп адамдын ооруканага кайрылуусу мурда такыр болуп көрбөгөнүн белгилейт. Ошондуктан алар оорунун себебин аныктоо үчүн чакан изилдөө жүргүзүп көрүү чечимине келишкен. Иликтөөнүн жыйынтыгында, тери оорусунун төркүнү Кытайдан келчү кездемеден жасалган хижабга барып такалды.

- Тери оорулары синтетикалык кездемеден улам болгонун биздин иликтөөнүн жыйынтыктары көрсөттү. Көпчүлүк кайрылгандардын терисинде кычышкан жерлери жараланып кеткен. Биз ооруп калгандарды синтетикалык кездемеден жасалган кийимдерден оолак болууга чакырып жатабыз.

Куляб шаарында жай айлары өтө ысык болот. Бул учурда абанын температурасы 40 градуска чейин жетет. Адистер мээ кайнаткан күндүн ысыгында жел өткөрбөгөн кездемеден тигилген кийим менен жүрүү - териге терс таасирин тийгизерин белгилешет.

Кулябдын тургуну Мадина Ябборова жай мезгили башталганда эле мойнуна бүдүрлөр чыгып, кийин ысыкта тердеген учурда оору күчөп кеткенин айтат.
Шаарда Мадина өнңдүү эле көпчүлүк аялдар Кытайдан чыккан хижабдарды кийишет. Синтетикалык кездемеден тигилген жоолук, узун көйнөк, шымдан турган мындай хижабдын баасы 20 долларга жакын турат.

Эми врачтар кыз-келиндерге ар кандай аллергиялык оорулардан оолак болуш үчүн пахта, жибек же дагы башка табигый кездемеден тигилген көйнөктөрдү кийгиле деп кеңеш берип жатат.

Шаардын борбордук базарында иштеген Рахима Каюмова доктурлар берген кеңешти кардарлардын баары эле аткара албай турганын белгилейт. Анткени пахта, жибек кездемеден даярдалган ошол эле хижабдын баасы синтетикалык хижабдан беш эсе кымбат турат. Рахима Каюмова Түркиядан ошондой жогорку сапаттагы хижабды алып келип жакшы сата албай койгон:

- Мындай сапаттуу хижабдар жакшы өтпөйт. Ошондуктан мен аларды көп алып келбейм. Ал эми Кытайдын синтетика кездемесинен жасалган хижабдарга суроо-талап жакшы.

Аялдар жана эркектер үчүн мусулман кийимдерин сатып иштегени менен Рахима өзү хижабды кийбейт. Анын үстүндө жеңи кыска, тизеге чейин келген кадимки салттуу көйнөк, башына болсо кичинекей бир байлам жоолук. Каюмованын айтымында, салттуу көйнөк ал үчүн өтө ыңгайлуу жана андан өтөөрү жок. Бирок ошол эле учурда ал өзү сатып жаткан хижабдардан улам аялдар ооруп жатат деген сөздөргө ишенбей тургандыгын билдирди.

Сатуучунун жанында сөзгө аралаша калган орто жаштагы Мунавара аттуу аял бирдеме болсо эле баарын хижабдан көрө берген туура эмес экенин айтып, тери оорулары тазалык жоктугунан чыгарын айтат. Ал кымбат хижабга чама-чаркы жетпегендерге жакшы кездеме сатып алып, аны жергиликтүү тикмечилерге арзан эле тиктирип кийсе болоорун кошумчалады.

Тажикстанда хижабга мектептерде, өкмөттүк мекемелерде кийүүгө расмий түрдө тыйуу салынганы менен, мусулманчылыкты туткан өлкөдө аны кийгендер көбөйүп бара жатат. Өзгөчө Решта аттуу чыгыш аймагынын консервативдүү облустарында бул көйнөктүн мааниси артууда.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG