Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Москвада мушташкан тажиктер жашыруун дарыланууда


Мушташ тартылган видеодон кесилген сүрөт
Мушташ тартылган видеодон кесилген сүрөт

14-майда Москвадагы Хованск көрүстөнүндөгү калайман мушташтан жараат алган тажик мигранттары ооруканага кайрылуудан чочулап, үйүндө жашыруун дарыланууда.

Жабыркагандар арасында дарылануу үчүн Тажикстанга кеткендер да бар.

Массалык мушташта жараланган Немат аттуу тажик мигрант Орусияда дарыгерге барбай 16 күндөн бери үйдө жатып өз алдынча дарыланууда. Ал эмне себептен ооруканага кайрылбаганын уруш учурунда документтерин жоготуп жибергендиги менен түшүндүрдү.

- Эгер мен ооруканага кайрылсам, менин документимдин жоголгону билинип калмак. Алар мени документи жок Орусияда мыйзамсыз жашап жүрөт деп депортация кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан эч жакка кайрылбай эле өз алдымча дарыланайын деп чечтим, - дейт травматикалык тапанчадан үч ирет ок жеген Немат.

Тажикстандык дагы бир мигрант Шохин Зулфикоров курсагына бычак жеген. Ал азыр жакшы болуп калды. Аны да тааныш догдуру үйдө карап дарылап жатыптыр.

Бегзод дагы көрүстөндөгү мушташтан алган ар кандай жарааттарынан үйдө дарыланууда. Ал эми Бегзоддун тапанчадан ок жеген иниси дарылануу үчүн Тажикстанга кетүүгө аргасыз болгон.

- Мушташтан качып бараткан кавказдыктар менин эки досумду машинеси менен койдуруп кетишти. Алар ошол жерде жан берди. Биз болсо өлбөй калганыбызга кубанып жатабыз. Ооруканага кайрылган жокпуз. Менин башка шериктерим дагы ооруканада дарыланууну каалашкан жок. Себеби, бизди мыйзамсыз иштеп жүрөт деп Орусиядан кууп чыгышы мүмкүн.

Хованск көрүстөнүндө мушташкан тажик мигранттар жашыруун дарыланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Мушташка катышып, жарадар болгон башка мигранттар да кылмыш иши козголушу мүмкүн, анын айынан Орусиядан кууп чыгарат деген чочулоодон улам ооруканага барышпаганын айтышууда. Орусияда ооруканага дарыланууга түшкөн киши расмий документин көрсөтүүгө тийиш. Бирок тажик мигранттарынын арасында Орусияда иштөөгө уруксат берген расмий документи жоктор арбын.

Ушул күнгө чейин Москвадагы Хованск көрүстөнүндөгү кавказдыктар менен тажик мигранттардын мушташынан канча тажик жараны жараланганы, анын канчасы үйлөрүндө жашыруун дарыланып жатканы белгисиз.

14-майда Москвадагы Хованск көрүстөнүндө кавказдыктар менен тажик эмгек мигранттары мушташкан. Ал жердеги жүздөй тажикстандык мигрантка 15 чакты этникалык кавказдыктар капилеттен бастырып кирип, тапанча менен ок чыгарган. Мушташтан үч тажикстандык каза тапкан. Дагы 23 тажикстандык жаракат алганы расмий айтылган.

Мушташка катышкан тажик мигранттарынын айтымында, кавказдык кылмыштуу топ мигранттардан маяналарынын жарымын аларга салык катары төлөп турууну талап кылышкан. Жүздөгөн тажик мигранттары эмгектенген жалпы аянты 200 гектарга чамалуу Хованск көрүстөнү Европадагы эң чоң мүрзө деп саналат. Бул жерде күн сайын 50дөн 100гө чейин сөөк коюлат. Коңшу өлкөдөн барган мигранттар негизинен көрүстөндө ар кандай кызмат көрсөтүп, салыштырмалуу жакшы акча табышат.

XS
SM
MD
LG