Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Тажикстанда Рогун ГЭСинин плотинасынын курулушу башталды. Анын ачылышына президент баш болгон тажик аткаминерлери, элчиликтердин өкүлдөрү, карапайым эл катышты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү рулга отуруп, бульдозер менен бир жарым саат Вахш дайрасынын нугун бууду. Ошентип 29-октябрда өлкө үчүн өтө маанилүү Рогун ГЭСинин бетон тосмосу курула баштады.

Узуну 220, бийиктиги 335 метр, же дүйнөдөгү эң бийик плотина болору пландалууда. Жалпысынан алты агрегат курулушу керек. Анын баары ишке кирсе жылына 17 млрд кВт/саат электр өндүрөрү, ал ички керектөөдөн ашып, Ооганстан менен Пакистанга экспорттолору белгиленет.

Ондогон тажик интернет колдонуучулары кабарды кубануу менен кабыл алышты. Айрымдары муну көп жылдар күтүшкөнүн, бийликтин акыркы аракети ГЭС курулат деген ишенимди жаратканын жазышууда.

Коңшулардын чек араны чечүү убадасы

Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн Ошко болгон сапарынын алкагында кыргыз-өзбек бийликтери жаңы меморандумга кол койду.

ГЭСтин курулушу 1976-жылы башталган. Бирок ал СССР тараганы токтоп, кайра куруу аракеттери 2004-жылдан тарта жанданган.

Бул аралыкта Рогун менен Кыргызстандагы Камбарата ГЭСинин курулушуна коңшу Өзбекстан каршылык көрсөтүп, ал аймакты жаңжалга кептерин эскертип келген. Буга станциялар курулса дарыянын төмөн жагындагы өлкөлөрдө жагдай кыйындары жүйө катары айтылып келген. Ушундан улам тажик бийлиги атайын экспертизадан өткөрүүнү өтүнүп, Дүйнөлүк банкка кайрылган.

2014-жылы Дүйнөлүк банктын эксперттери Тажикстандын пайдасына тыянак чыккан.

Бирок, быйыл, өзбек президенти Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жагдай өзгөрдү. Жылда БУУнун жыйындарында ГЭСтер маселесин көтөргөн өзбек тышкы иштер министри быйыл аны айтпады.

Тескерисинче Дүйшөмбү шаарында өзбек тышкы иштер министри Рахмон экөө аймактагы гидроэнергетикалык маселелерди биргеликте чечүүнү сүйлөштү. Көп жылдар бою ишке ашпай келген плотина курулушу ушундан кийин башталууда. Бирок, тажикстандык экономист Зафар Абдуллаев себепти буга байланыштырбайт:

- Иштин жанданышы менимче Дүйнөлүк банктын комиссиясынын курулушка уруксат берип, аны каржылоого эч бир донорлорго тыюу салынбайт деген чечимине байланыштуу. Чечим Ислам Каримовдун көзү барында эле кабыл алынып, быйыл тосмо салынып, курулуш жанданары чечилген. Мен президент Рахмондун бир билдирүүсүн уктум. Төмөнкү жактагы өлкөлөр тынчсызданбасын, эч ким сууну буубайт деп дагы бир жолу айтты.

Ал эми ГЭС курулушунун чыгымы боюнча буга чейин так баа бычылып келди. Түрдүү компаниялар менен келишим түзүлүп, ал кайра үзүлдү. А быйыл июлда Тажикстан өкмөтү италиялык “Салини Импреджило С.п.А.” (Salini Impregilo SpA) компаниясы менен 3,9 млрд долларлык келишимге кол койгон. Бирок, азырынча курулушка чет элден инвестор табыла элек.

2010-жылы бир ирет болочок ГЭСтин акциялары элге сатылып, 160 млн доллардай акча топтолгон. Андан тышкары ГЭСтин инфраструктурасына аздап каражат бөлүп келген тажик бийлиги курулушту өз алдынча бүтүрүүгө белсенүүдө:

- Жергиликтүү бир катар окумуштуулар негизи Тажикстан өзү бул ГЭСти кура алат деп эсептеп чыгышкан. Анткени, курулуш баскыч-баскыч менен жүрөт. Дароо эле миллиарддарды коротуу мүмкүн эмес. Ушул тапта биринчи этап катары, дайранын нугун тосуп атышат. Ал эми керектүү техникалар буга чейин сатылып алынган. Турбиналар даяр. Мурда жылына орточо 150 миллионго жакын доллар керектелери эсептелген. Ал эми сууну тосуп, биринчи агрегатты иштетүүгө 500-600 млн доллар сарпталары күтүлөт. Ал эми биринчи агрегат ишке киргенден кийин киреше кире баштайт. Мына ошондон кийин инвестициялык жагымдуулугу кескин артат, - дейт экономист Абдуллаев.

Анын оюнча ушу тапта Тажикстанга кылчактоого убакыт жок, баасы эмес, электрдин болгонунун өзү маанилүү. Тартыштыктан улам ушу күнгө чейин өлкөдө маал-маалы менен электр берүү чектелип турат.

Ошол эле тапта башка талдоочулар экономикасы кризистеги өлкө үчүн биринчи агрегатты ишке берүү да оңойго турбасын белгилешүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG