Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө Тажикстандын үлүшү өтө эле аз. 7 млн.дой калкы бар бул мамлекетте ар бир 10 үйдүн биринде гана манишеси бар. Абага булганыч заттарды чыгарып жаткан өндүрүш ишканалары да көп эмес. Ошого карабай, Тажикстанда мөңгүлөрдүн тездик менен эрип баратышы окумуштуулар арасында тынчсызданууну жаратууда. Акыбал мамлекеттин экономикасына да олуттуу кесепетин тийгизээри айтыла баштады.

Памир тоолорунун боорунда жайгашкан Барчид кыштагынын көптөгөн дыйкандарындай эле, Макбулшо Якиншоев глобалдык жылуулук жөнүндө анча деле маалыматы жок.

Бирок 65 жаштагы тажик дыйканы бир топ жылдандан бери үйүнүн үстү жагынан көрүнгөн чокулардагы мөңгү тездик менен эрий баштаганын, түшүм да жакшы болбой калганын көрүп жатат.

Макбулшо Якиншоев
“Мурда мен 50 килограммдан 100 килого чейин помидор, бадырың сатчумун, - дейт Макбулшо аксакал. - Ошону менен тиричилик кылчубуз. Былтыр түшүм такыр эле болбой калды. Дыйканчылыктан түшкөн киреше Душанбедеги эки студент баламды колдоп турганга керек. Кышында аларга картөшкө менен сабиз жөнөтүп турам. Жылына беш мүшөктөн картөшкө жиберчүмүн. Быйыл болгону бир мүшөктү араң толтурдук”.

Барчид кыштагы деңиз деңгээлинен 3000 чакырымдай өйдөдө жайгашкан. Айылдыктар адатта ичер сууну да мөңгүдөн алышат, айдаган жерин да мөңгүдөн аккан суу менен сугарышат.

Соңку жылдары Макбулшо аксакал бир топ өзгөрүүлөрдү байкал алганын айтты. “Акыркы 10 жылда кыш мурдагыдаан жылуураак болуп калды, жай салкындай түштү. Азыр помидорлор бышпай жатып эле жай бүтүп, суук түшөт. Картөшкөгө суу жетпей, өспөй калууда”, - дейт ал.

Глобалдык коркунуч

Өзгөрүүлөр жөнүндө азыр Якиншоев эле эмес, жергиликтүү, эларалык окумуштуулар да айта башташты. Жайында күн суутуп, кышында ысышын, суунун жетишсиздигин алар климаттагы өзгөрүүлөр менен байланыштырышууда.

Мына ушул өзгөрүүлөрдүн болушуна Тажикстандын өзүнүн үлүшү дээрлик жокко эсе. Оксфам эларалык изилдөө борборунун соңку баяндамсында Тажикстан абага булганыч газды чыгарып жаткан өлкөлөрдүн ичинде 109-орунда турганы айтылат. Бирок, ошол эле уюмдун билдирүүсүнө караганда, Тажикстан климаттагы өзгөрүүдөн оор жапа тартып жаткан өлкөлөрдүн катарында экен.

“Мөңгүлөрдүн ээрип, аба-ырайынын бузулушунан улам аймакта агрардык сектор жапа тартат, алдыдагы 40 жылда тамак-аш жетишпей калышы ыктымал”, - делет анда. Буга себеп катары 8 миңдей мөңгүнүн 20% ээрип жатканы, айрымдары такыр эле жок болуп кеткени, соңку 60 жылда абанын температурасы 1.2 градуска жогорулаганы келтирилди.

Бийиктеги кургакчылык

Мөңгүнүн ээришинин ачык бир мисалын “Федченко мөңгүсүнөн” көрсө болот. Дүйнөдөгү эң узун делген бу мөңгү Тоолуу Барахшан вилоятында 700 чакырым аймакты ээлейт. Ал азыр жылына 20 метрге кыскарып баратат.

Памир биологиялык институтунун өкүлү Огоназаров: “Мөңгүлөрдөн агылган суунун көлөмү кыскарып кетти. Мурда айылдарда сугатка жазында келчү суу эле жетишерлик болчу. Азыр суу тартыш. Акыркы жылдары дарыяларда суунун деңгээли төмөндөп кеткен. Анткени мөңгүлөрдөн агылчу суу азайды”.

Тажикстандын мөңгүлөрү Борбор Азиядагы дарыялардын дээрлик жарымын суу менен камсыздап турганын эске алганда, алардын абалы жалпы регионго кесепетин тийгизээри анык. Суу маселеси ансыз деле акыркы жылдары региондогу мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштуу суроого айланып баратат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG