Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Тажикстандан жети киши Мекеге жөө жөнөдү


Мусулман зыяратчылары Каабаны айланууда, Меке, 31-октябрь, 2011
Мусулман зыяратчылары Каабаны айланууда, Меке, 31-октябрь, 2011

Миллиондогон мусулмандар үчүн исламдагы негизги беш парыздын бирин – Мекеге ажылык зыяратын аткаруу анчалык деле оор болбой калды. Мекеге жетиш үчүн Сауд Арапстанга учакка билет алсаң эле болду. Бирок тажикстандык жети киши быйыл мындан баш тартып, Мекеге карай алыс жолду өздөрү жөө басып өтүүнү чечишти.

Колунда түйүнчөгүнө болгону бир күндүк тамагын түйүп, ушул аптада Тажистандын Куляб аймагынан жети киши Мекеге ата-бабалар барган жолду кайталайбыз деген таризде жөө сапарга аттанышты. Алар жалпысынан 4600 чакырым жерди басып, алты мамлекетти кесип өтүшү керек.

Меке, Мединага жетиш үчүн алар бир нече ай жолдо жүрүшөт, бирок канчалаган кооз жерлерди көрүп, кызыктуу окуяларды баштан кечиребиз деп тамшанып алышкан.

Бул топтун башчысы мурдагы атлет Абдулазиз Ражабов буга чейин бир жолу Мекеге жөө барган экен. “Баардык документтер жайында, - дейт ал. - Азыр эми болгону өз учурунда, октябрда, ажылыкка жетип барышыбыз керек”.

Алар Тажикстандан чыгып, бүгүн Ооганстанга жетишкенин кабарлашты. Андан ары Пакистан, Иран, Ирак, анан гана Сауд Арапстанга жетишет.

Бул кишилер жолго атам замандагы саякатчылардай эле чыгышканы кызык. Эч кандай мейманка менен алдын ала сүйлөшүлгөн эмес, саякат үчүн камсыздандыруучу күбөлүктөрү да жок. Анын үстүнө акчасы деле аз, кредит карта деген нерсени алар жакшы түшүнө беришпейт, алтоо - пенсионерлер.

Жашы 60тын тегерегиндеги бул зыяратчылар түнкүсүн мечиттерде эле түнөп алабыз деп болжоп жатышат.

Ражабов өзү мурда да бир ирет жөө барган учурда 19 ай жолдо жүргөн, түрдүү адамдардын үйлөрүндө түнөп, өзү айтмакчы, “жакшы адамдардын колунан тамак жеп” жүрдү.

“Мени Орусиядан сырткары бир да өлкөдө эч ким капа кылган жок. Орус полициясы гана 12 күнгө камап койгон, - деп баштан өткөргөнүн айтат. - Анан 1990-жылдардагы Тажикстандагы граждандык согушта ким тарапта элең деп сурашты. Мен согушка катышкан эмесмин десем, мен жөнүндө маалыматты изилдеп туруп, анан кое беришкен”.

Бул топтун калган мүчөлөрү биринчи жолу мусапырлыкка чыгып жатышат.

Алардын бири Амриддин Исмоилов: “бул жөн эле диндин талабын аткаруу эмес”, - дейт.

"Мен өзүмдү спортсмендей эле сезип жатам. Биз өзүбүздүн ден-соолугубузду чыңдаш үчүн да жолго аттанып жатабыз. Мен азыр алтымыштамын, мындай жолду баса аларымды текшергим келет", - дейт пенсионер.

Жети кишинин эң кичүүсү 21 жашта. Алар акыркы эки жыл бою узак аралыкка басып, өздөрүн жакшы эле даярдашканын айтышат.

“Биз муну элге таанылалы деп да жасап жатканыбыз жок”, - деген зыяратчылар интернет, блог, твиттер эмне экенин дегеле угушкан эмес. Керек болсо, булардын колунда уюк телефону да жок эле узак сапарга жөнөштү.

Эгер баары ойдогудай өтсө, келерки жылы май айларында кайрадан Тажикстанга жөө келип калышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG