Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Тажикстан: “Исламды таанытуу” башталды


Тажик окуучуларына динди тарых жана адабият сабактарынан мугалимдер окутат
Тажик окуучуларына динди тарых жана адабият сабактарынан мугалимдер окутат

Быйыл тажик окуучулары “Ислам таануу” дарсын өтө башташат. Борбор Азияда диний маанай күчөгөн сайын, мектептерде динди окутуу зарылдыгы айтылууда.

Азыр Душанбедеги Айни атындагы педагогикалык университетте 400 мугалим атайын курстан өтүп жатат. Алар жаңы окуу жылынан баштап мектептерде 8-класстын окуучуларына “Марифати ислам” (же “Исламды таануу”) деп аталган жаңы дарс өтүшмөкчү.

Тажикстандын Билим берүү министрлигинин алдында окуу китептерин даярдап, басып чыгаруу, таркатуу борборунун директору Махмуд Шоев “Азаттыкка” аталган сабак боюнча жаңы китеп да басылганын билдирди.

“Тажикстандын Билим берүү министрлиги “Ислам таануу” боюнча окуу китебин да басып чыгарууну ойлонуп, авторлордун тобун түздү, - дейт Шоев. - Бул топ китепти жазып бүтүрдү, окуу программасы да даяр. Эми айдын аягына чейин ал бүт мектептерге таркатылат”.

Министрликтен билдиришкендей, ислам боюнча сабакты мектептерде молдолор же Ислам университетин бүткөндөр эмес, мектептеги тарых жана адабият дарстарын окуган катардагы эле мугалимдер өтүшөт. Максат – мектепте исламды окуткан агай-эжейлер дааватчы болуп кетпей, дин тууралуу, Курандын структурасы, сүрөлөрү, Мухаммад пайгамбар жана анын хадистери жөнүндө нейтралдуу маалымат бериши лаазым. “Бирок министрликтин бул демилгесинен майнап чыкпайт, анткени бир-эки айда эле бул сабак үчүн устаттарды даярдай салууга болбойт” дегендер да болуп жатат.

Эмне үчүн “Ислам таануу”?

Тажикстанда, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердегидей эле, соңку жылдары жаштар арасында түрдүү диний агымдарга, өзгөчө исламдын ичиндеги майда агымдарга, киргендер көбөйгөн. Бирок молдолор исламды ар кандайча таржымалдашат, бирдиктүү стандарт керек деген чакырыктар көп айтылган.

Бирдиктүү стандарт тууралуу эле эмес, жаштардын динге массалык түрдө берилишин бир аз болсо да көзөмөлдөө Кыргызстанда да жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” сүйлөп жатып, дин жөнүндө дарс кыргыз мектептеринде келерки жалдын тарта окутулаарын айтты: “Бирок биз конкреттүү түрдө “Ислам таануу” эмес, жалпысынан “Дин таануу” деп атайлы дедик. Анткени анда бир эле ислам эмес, дүйнөлүк башка конфессиялар тууралуу да маалымат берилет. Буюрса, бул сөзсүз окутулушу керек болгон сабактардын катарында болмокчу. Мындай аракет Борбор Азиядагы, анан КМШ дагы башка мамлекеттерде да байкалууда. Анын стандарты, окуу программасынын пилоттук варианты даяр”.

Тажикстанда Дин жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, ислам тууралуу сабакты атайын диний окуу жайлары гана окута алат. Башкача айтканда, эми диний билим берүү мурдагыдай жашыруун жүрбөшү керек, молдолор балдарды окута алышпайт. Мектептерге “Ислам таануу” дарсын киргизүү да ушуга байланыштуу болууда. Анткен менен Борбор Азиянын басымдуу бөлүгүндөгү кичинекей айылдарда жаш балдар колдоруна “Муалими сонисин”, “Тажвид”, “Муктасар” же “Курани каримин” көтөрүп алып, диний билим үчүн кадимки эле молдолорго барышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG