Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Тажикстан: Дүйшөмбүнүн шаар акими бааны көтөрбөөгө чакырды


Душанбедеги базар
Душанбедеги базар

Тажикстан ордо шаары Дүйшөмбүнүн мэри шейшембиде шаардагы базарлардын жана ага азык-түлүк ташыган ишканалардын жетекчилерин зарыл тамак-ашка бааны төмөндөтүүгө чакырды. Алар кошумча дан азыктарын сатып алып, бааны арзандатышы үчүн шаардык казынадан 60 млн.сомони бөлүнөөрүн айтты.

Тажикстандыктар акыркы күндөрү базарда зарыл болгон эт, ундун баасы көтөрүлүп кеткенин көрүштү.

Коргон-Төбөдө “Мариям” деген кафени иштеткен Гүландом шейшембиде эрте менен базарга барса, баа кечээгиден бир топ өскөн экен.

“Эттин килосу 22 сомони, же 5 долларга жетчү эмес. Бүгүн эрте менен аны 6 доллардан алдым, - деди ал. - 5 сомони турган күрүчтү азыр 8 сомониге аласың. Мурда бир кап унду 90-100 сомониге алчубуз, азыр ал 130-150 сомони турат”.

Адамдар азыр, бир чети, баа өскөнүн, дагы бир жагынан, сапаттуу эт жок болуп жатканын да айтышты.

Дүйшөмбүнүн шаар акими Махмадсаид Убайдуллоев
Дүйшөмбү шаарынын тургуну Иноятхондун пикири:

Ундун баасын караңыз, андан да бензиндин баасы канчалык өсүп кетти! Базарда азыр эт 27 сомониге чыкты.
Бирок акчам болгону 100 грамм этке жетсе да, мен сапаттуусун алгым келет
”.


Сапат демекчи, аны этият текшерип, жакшысын гана алууга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин шейшебиде Дүйшөмбүнүн мэри Махмадсаид Убайдуллоев да айтты. Шаардагы базарлардын жетекчилери жана азык-түлүк ташычу ишканалардын башчыларына шаардык өкмөт 60 млн.сомони бөлө турганын, ага дан-азыктарын, этти сатып алууда сапатка астейдил караш абзел экенин белгиледи.

Шаардын маалымат-катчысы Шавкат Саидов: “Мэр бул жыйында Дүйшөмбүдөгү базарларда уй этинин бир килосун 23 сомониден көтөрбөөгө, койдун эти 24 сомониден кымбатка сатпоого чакырды. Аны жыйынга катышкандар колдошту”.

Мэрия, андан сырткары, шаардагы жардамга өтө муктаж болуп турган үй-бүлөлөрдү колдоо иретинде 260 млн.сомони бөлө турган болду.

Өлкөнүн мурдагы экономика министри Давлат Усмон жумуриятта жарым жылдан бери азык-түлүккө баа бир топ өскөнүн, өзгөчө апрелдеги кымбатчылыкка бензиндин баасы көтөрүлүп кеткени себеп болгонун айтты.

“Өлкөдө инфляциянын деңгээлине жараша тез аранын ичинде айлык акыны да көтөрүү, же индексациялоо зарыл деп ойлойм, - деди ал. - Биз азыр азык-түлүктүн дээрлик 70% сырттан импорттоп жаткандыктан, ошол зарыл тамак-ашты өзүбүздө өндүрүүнүн жолдорун ойлонушубуз керек. Ал үчүн керектүү ресурстарыбыз деле жетишет”.

Адистер болсо Дүйшөмбү шаардык мэрия тарабынан бөлүнө турган каражат кымбатчылыктын алдын алууга жетпей турганын, өкмөт мүмкүнчүлүктүн тартыштыгынан улам проблемага туура жооп бере албаганын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG