Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Тажиктер орусча ысымдарга кайтууда


Тажик президенти Эмомали Рахмонду 2007-жылга чейин "Эмомали Шарифович Рахмонов" деп билишчү.
Тажик президенти Эмомали Рахмонду 2007-жылга чейин "Эмомали Шарифович Рахмонов" деп билишчү.

Болгону бир нече жыл мурун Тажикстанда президент өзү баш болуп орусча ыкмадагы “-ов” же “-ова” мүчөсү кошулган фамилиядан баш тарткан эле. Бүгүн болсо тажик бийликтери кайрадан ысымдарда айтылуу “орусташуу тенденциясы” байкалып жатканын айтышат.

Постсоветтик аймактагы мамлекеттердин ичинде эгемендик менен кошо улуттук аң-сезим, нарк-насилди издеп, аты-жөнү, ысым-фамилиясына чейин "мурдагыдан" же "орусчадан" баш тартуу көрүнүшүнө туш болгондор көп эле болду.

Орусча угулган ысымдардан баш тартуу өзүнчө патриоттуулуктун белгиси катары көрүнгөн учур Тажикстанда да байкалган.

Президент Эмомали Шарифович Рахмонов 2007-жылы атын Эмомали Рахмон деп өзгөрткөндөн тарта “-ов”, “-ев” жана “-ович” деген сыяктуу мүчөлөр акырындык менен жоголо баштады.

Бирок соңку жылдары кайрадан аларга кайткандар көбөйгөнсүйт. Бир тажик чиновниги муну “азыркы жаштарда патриоттуулук деген сезимдин жоктугунун көрсөткүчү” деп атаганга чейин барды.

Шерхон Салимзода
Шерхон Салимзода
Тажикстандын баш прокурору Шерхон Салимзода 21-январда “Жумурият” деген гезиттеги маегинде жаштар арасында көбүрөөк байкалган көрүнүшкө эки жылдай болуп калганын айтты.

Далил катары ал өлкөнүн үч башкы университетинен алынган ысымдарды келтирип, 2013-жылы болгону эки студент атынын тажикче формада жазылышын суранышканын, 513 студент болсо ысымдарын мурдагы орусча стилде жазууну өтүнүшкөнүн билдирди.

Салимзода минтип тажик ар-намысын ойготуп, тажик аттарга кайтыш керек деп көкүрөк каккылап жаткан чакта көптөгөн жаштар муну “ысым тандоо оюну эмес, жөн гана муктаждык” катары аташууда.

Жаштар мурдагы үлгүдөгү орусча аттарга кайтып жатышканын Орусияга иш издеп баргандагы кыйынчылыктардан качуу каалоосу менен түшүндүрүшөт.

Ар бир жетинчи тажик жараны жылына Орусияга сезондук ишке барып келгенге мажбур. Орус жеринде алар дискриминациянын түрдүү формаларына туш болушат, улутчул маанайдагы скинхеддерден запкы жешет.

Орусиядагы тажик мигранттары
Орусиядагы тажик мигранттары
Тажик улуттук университетинин студенти Хасан Садуллоев да, башкалардай болуп, жылына каникул маалында Орусияга барып иштеп келет. Эки жыл мурун анын паспортунда аты “Хасани Абдулло” деп көрсөтүлгөн болсо, бүгүн аны расмий түрдө “Садуллоев Хасан Абдуллоевич” деп билишет.

"Мен тажикче атымдын айынан Орусияда толтура проблемаларга туш болом. Маселен, ал жакта документтерди толтурганда меникиндей эки эмес, үч ат керек, - дейт Хасан. - Анын үстүнө “-ович” деген мүчө болбосо, кайсынысы меники, кайсынысы атамдын аты экени да белгисиз. Ушуга окшогон түшүнбөстүктөрдөн мени депортация кылышкан".

Садуллоевдин айткандары азыр интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу жүрүп жаткан талкуулардагы көпчүлүктүн тынчсыздануусун сүрөттөйт. Алардагы ойлор чынында баш прокурор Салимзоданын сөздөрүнө каршы келип жаткандай.

Бирок Дүйшөмбүдөгү расмий чөйрө баш прокурордун айткандарын конкреттүү аракетке чакырык катары кабыл алышканбы, айтор, Салимзоданын интервьюсу жарыялангандан үч күн өтпөй жатып өлкөнүн айыл чарба министри Касым Рахбарович Касымов өз ысмын өзгөртүүгө арыз бергенин жарыялады.

Тажик жаштары
Тажик жаштары
Касымов жакын арада Касым Рахбар деген атка коноорун билдирди. “Рахбар” деген тажикчеден которгондо “лидер” дегенди билдирет. Анын атасынын аты Рахбар болчу.

Тажиктер да, кыргыздардай эле, орусча ыкмада жазылган ысымдарын 1990-жылдардын башында улуттук аң-сезимдин күчөшү, нарк-насилди таанып билүү аракетинин күчөшү менен өзгөртө башташкан.

Ысымдар жана фамилиялар коомдогу социалдык табиттин өзгөрүшүн көрсөткөн өңдүү. 1980-90-жылдары эски тажик аттары же перси тарыхы, адабиятына тиешелүү ысымдар көп аталса, соңку жылдары исламдашуунун күчөшү менен мусулманча аттар көбөйдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG